Пример HTML-страницы

Кыргызстан менен Казакстандын өрт өчүрүүчүлөрү өрт-тактикалык машыгуудан өтүштү

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 30-майда Кыргызстандын Чүй облусу менен Казакстандын Жамбыл облусу чектешкен аймакта эки өлкөнүн биргелешкен өрт-тактикалык машыгуусу өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чара эки өлкөнүн чектеш аймактарында өрт кырсыгы катталган учурда эки өлкөнүн күч-каражаттары бирдиктүү тилсиз жоонун кесепеттерин жоюу максатында уюштурулду.

Атайын түзүлгөн сценарийге ылайык, токойдон чыккан өрттүн жалыны Кыргызстандын аймагындагы май куюучу жайга өтүп, андан ары жол тейлөө мекемесинин айланасындагы бак-дарактарды каптайт.

Ири өрттү өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусундагы башкармалыгынан 3 күжүрмөн эсеп (өрт өчүрүүчү унаа), 1 автошаты, 1 суу жеңдерин ташыган автоунаа (АР-2), 2 суу ташуучу унаа жана Токой чарба кызматынан 20дай кызматкер тартылды.

Мындан сырткары тез жардам, ЖКККБ жана Жамбыл облустук өзгөчө кырдаалдар департаментинен 2 күжүрмөн эсеп тартылды.

Аймактагы өрттү өчүрүүдө унааларга үзгүлтүксүз суу берүү үчүн Чүй дарыясына (ПНС -110) өрт насостук станция унаасы коюлуп, секундасына 110 литр суу берүүгө жөндөмдүү экенин далилдеди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE