Пример HTML-страницы

Кыргыз-тажик жаңжалында интернетке видеосу тараган жигит ким экени аныкталды (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushКыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда кыргыз элине дем берип, видео кайрылуу жасаган жоокердин видеосу интернетке тараган. Социалдык тармактын колдонуучулары «Силердей жигиттерибиз бар үчүн өлкөнүн бүтүндүгү сакталып турат» деген жылуу сөздөрүн арнап, аманчылык тилешкен.

«Туугандар, мен тирүүмүн. Кудайга шүгүр, баары жакшы. Атышып жатабыз, коркпогула. Ата Мекен үчүн өлүп беребиз», — деп сүйлөгөн ал.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына маалым болгондой, бул жигиттин ысымы — Жумадылов Адилет Алибекович. Ал 1996-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында төрөлгөн. Садык Сыдыков атындагы орто мектебин ийгиликтүү аяктаган.

Учурда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында кызмат өтөп жүрөт. Анын абалы жакшы, жаракат алган эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE