Пример HTML-страницы

Кыргыз-тажик жаңжалында 27 жаштагы М.Баатырбеков каза тапты

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 17-сентябрь күнү Баткендеги кыргыз-тажик куралдуу жаңжалында Баткен шаарынын 27 жаштагы тургуну Манас Баатырбеков акка моюн сунду. Бул тууралуу анын таякеси Жунус Акматов билдирди.

«Менин бир тууган жээним үйлөнө элек болчу. Үй-бүлөдө бир туугандардын улуусу, 2 иниси жана 2 карындашы бар эле. Баарынан да өкүнүчтүүсү, анын үйлөнүү үлпөт тою 2-октябрга белгиленген болчу. Үйлөнүү тоюна 1 ай калганда каза тапты. Ак-Сай айыл аймагындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан Головной суу бөлүштүрүүчү жайынан снаряд тийиптир. Өзү ак көңүл, жоош, момун, жөнөкөй жигит эле», — деди ал.

Кенже сержант Манас Баатырбеков Баткендеги №707 аскер бөлүктө кызмат өтөп жүргөн. Анын сөөгү бүгүн, 17-сентябрь күнү өзү туулуп-өскөн Баткен шаарынын Базар-Башы кварталында жерге берилди.

Улуттук госпиталдын директору Токтобай Маанаевдин айтымында, 14-сентябрдан бери Баткенден 9 аскер кызматкери келип түшкөн.

17-сентябрда саат 09:00гө карата ооруканаларга 103 адам түшкөн, анын ичинен 5 жабырлануучу амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Тажикстан менен чек арадагы жаңжалда каза болгон кыргызстандыктардын саны 24 адамга жетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE