Пример HTML-страницы

Курман айтта Кара-Көлдө жардамга муктаж 100 үй-бүлөгө эт таратылды

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Көл шаарында Курман айт намазына 5 миңдей адам катышты. Бул тууралуу шаардын баш имамы Бектен Керезбаев билдирди.

Анын айтымында, быйыл Курман айттын алдында ыктыярдуу орозо кармагандардын саны арбын болду. Бул ыктыярдуу орозо Зуль-хиджа айынын (ислам календары боюнча 12-ай) 10-күнүндө кармалып, сообу 30 күндүк орозо кармаган сооптой болору айтылат.

«Быйыл курман айтка бир күн калганда — Арапа күнүндө орозо кармаган жаштардын саны арбын болду. Арапа күнкү орозону ажыга барбагандар кармашат. Ал эми ажыга баргандар ушул күнү Арафат тоосуна чыгып, ажылыгы кабыл болчу күн. Быйыл ажыга шаардан эч ким барган жок.

Курман айт күнү бизге белгилүү болгондой, шаарда 1 уй, 15 баш майда жандык курмандыкка чалынып, эти муктаж болгон 100 үй-бүлөгө таратылып берилген», — деди имам.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE