Пример HTML-страницы

Кочкордо ичинде лифт орун алган өзгөчө жер төлө курулду. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Кочкор районунун Кара-Күнгөй айылынын тургуну Өмүркан Талканчиев башкаларда жок картошка сактоочу жер төлө жасады. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы ал жасаган жер төлөдө болуп келди.

Өмүркан Талканчиев көптөн бери жакшы жер төлө жасоону ойлонуп жүргөн. Ал бул жолу максатына жетип, үйүнүн жанына оюндагыдай жер төлө салып, анын үстүнө өзүнө устакана куруп жатат.

Негизинен Кочкор районунда анын ичинде Кара-Күнгөй айылы кышкысын суук болгондуктан, фермерлер көп учурда картошкаларын жер төлөдө үшүтүп алышат.

Айылда элдин көпчүлүгү картошка өстүрүшөт. Картошканы күзүндө жер төлөгө киргизүү, кайра керек учурда чыгаруу да адам күчүн талап кылат. Өмүркан ушундай түйшүктөн арылуу үчүн жер төлөгө лифт дагы курган. Жер төлө үч метр тереңдикте жайгашып, туурасы 3 метр, узуну 6 метрди түзөт. Аба кирүүчү түтүктөр капталынан чыгарылды. Төрт тарабын таш, ылай менен көтөрүп чыккан. Лифт аркылуу 5 кап картошканы көтөрүп чыгарса же түшүрсө болот. Жер төлөнүн үстүн кур койбой, эки бөлмө куруп, бир бөлмөсүн устакана кылган.

Өмүркан Талканчиев 1971-жылы Кочкор районуна караштуу Кара-Күнгөй айылында туулган. Мектепти аяктаган соң, А.Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайында окуган. Кара-Күнгөй айылындагы Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектебинде 3-4 жыл сүрөт сабагынан мугалим болуп иштеген. Кийин ал кесипти таштап, өз алдынча ширетүүчүлүк, кол өнөрчүлүк менен алектене баштаган.

Ал жыгачтан сандыктарды, темирден дарбазаларды, отургучтарды, селкинчек, шатыларды жана башка буюмдарды жасайт. Өзүнө чөп туурагыч, жем туурагыч, темирден эки тонналык жем сактоочу бункер жасаган. Ошону менен бирге зым тор токуй турган станокту жасап, зым тор токуп жатат.

Өмүркандын жубайы Тилек Осмоналиева Кара-Күнгөй айылындагы китепкананын башчысы болуп эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE