Пример HTML-страницы

Кочкор районунда мамлекеттик туу күнү салтанаттуу түрдө белгиленди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 3-мартта Кочкор районунда мамлекеттик туу күнү салтанаттуу түрдө белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Майрамдык салтанат Семиз-Бел айылына кире беришиндеги Ормон Хан ордосунда өлкөнүн жаңыланган туусун көтөрүү менен башталды.

Иш-чарага Кочкор районунун акими Эрмекбай Омошев жана мекеме-ишкана жетекчилери, айыл өкмөттөр, айыл аксакалдары катышты. Аким Эрмекбай Алянович райондун калкын мамлекеттик туу күнү менен куттуктап, Кыргызстандын жаңыртылып өзгөртүү киргизилген туусу көтөрүлүп жатканын, райондогу мекеме-ишканаларга келген 96 туунун баардыгы демөөрчүлөр тарабынан келгенин белгиледи.

Мамлекеттик туу 1992-жылдын 3-мартында легендарлуу парламенттин токтому менен бекитилген. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров тууну өзгөртүү мыйзамына 2024 -жылы 22-декабрда кол койгон. Былтыр 20-декабрда Жогорку Кеңеш мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE