Пример HTML-страницы

Кеминде медайым кан тамырын кесип, өмүрүнө кол салды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кемин райондук жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун жугуштуу оорулар бөлүмүнүн нөөмөт медайымы жана дарыканада медайым болуп иштеген Нургүл Кудайбергенова ушул жылдын 29-апрелинде өз өмүрүнө кол салып, кан тамырын кескен. Бул маалыматты Turmush басылмасынын кабарчысына аталган оорукананын дарыгерлери билдиришти.

«Бул чуулуу окуя 2022-жылдын 21-апрелинде башталган. Ошол учурда ишембилик өтүп жаткан. Дарыкананын медайымы Нургүл Кудайбергенова кесиптешинин күйөөсүнөн жугуштуу оорулар бөлүмүнүн тосмосунун боюндагы куураган бадалдарды кыйып берүүнү суранган. Анан кыйылган дарактарды муктаж медайымдарга таратып берген. 25-апрелде оорукананын жетекчисинин милдетин аткаруучу Шаршенбек Эркегулов кыйылган дарактарды көрүп, «өзүм билемдик кылышты» деген кине менен Н.Кудайбергенованы иш бөлмөсүнө чакырып, кызматтан кетүү боюнча арыз жазууну талап кылган. Ал ага оорукананын мурунку жетекчиси Назарбек уулу Алмаз (учурда Чүй облустук бириккен ооруканасынын жетекчиси) жугуштуу оорулар бөлүмүнүн тосмосун бойлото жайгашкан, бийиктиги 1,5 метрден ашкан бардык эски дарактарды кыюуга буйрук бергенин түшүндүрүүгө аракет кылган. Анткени алар жаңы отургузулган көчөттөрдүн өсүүсүнө тоскоол болгон.

Медайым дарактарды кыюу боюнча ага маалымат бербегени үчүн күнөөсүн мойнуна алып, жетекчиден кечирим сурады. Бирок Ш.Эркегулов Н.Кудайбергенова дарактарды уурдап, сатып жиберген деп айыптап, андан соң жугуштуу оорулар бөлүмүнүн бардык кызматкерлерин жумуштан бошотом деген таризде коркута баштаган. Мындан улам Нургүл Кудайбергенова аргасыз жумуштан кетүү боюнча арыз жазган. Мындан тышкары ал кыйылган 11 түп дарактын ордуна 10 түп карагай, 10 терек отургузган. Аны дагы деле «ууру» деп атап, бир үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна, бир туруп Орловка шаарындагы ооруканага которуп, жаман абалда калтырды. Ал кызды коргойбуз деген жугуштуу оорулар бөлүмүнүн кызматкерлерине айлык бербөө боюнча буйрук кылган экен. Бирок башкы эсепчи алардын айлыгын которуп берди.

Анын моралдык кысымынан кийин Н.Кудайбергенова чыдай албай, 29-апрель күнү дарыкананын кеңсесинде кан тамырын кесип, өз жанын кыюуга аракет кылган. Биринчи медициналык жардам көрсөтүү үчүн тез жардам бөлүмүнө жеткирилип, андан соң оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ал жактан дарылангандан кийин, Бишкектеги оорукананын микрохирургия бөлүмүнө нервди калыбына келтирүү боюнча операцияга жөнөтүлдү. Учурда анын абалы туруктуу эмес, орто нерв менен артерияны калыбына келтирүү үчүн операцияга даярданууда. Анткени, окуяны эстегенде кайрадан депрессияга түшүп калууда», — деди алар.

Ал эми Нургүл Кудайбергенованын айтымында, ал жалгыз бой эне, эки баланы тарбиялап келет.

«Негизи даракты кыйганга чейин эле, жетекчи экөөбүздүн ортобузда дарылар боюнча келишпестиктер болгон. Саламаттыкты сактоо мекемелери үчүн жыл сайын бекитилүүчү маанилүү дары-дармектердин тизмесине кирбей калгандыктан, аларды жеке колдонууга алууну каалаган. Анан телефон чалып, менден дарыны сатып алып келүүнү сураган. Ал дары кымбат болгондуктан, өз каражатыма алуудан баш тарткам. Ушундан кийин жанагы кыйылган дарактардын окуясы башталды.

Менин бир балам студент. Апам 1-топтогу майып, майып арабада жүрөт, көзү көрбөйт. Өзүм он жылдан бери онкология оорусу менен жабыркап келем. Ушул окуядан соӊ оорум ого бетер күч алды», — деди ал.

Оорукананын мурунку директору Алмаз Назарбек уулунун (учурда Чүй облустук бириккен ооруканасынын жетекчиси) айтымында, өз учурунда ал эски дарактарды кыюуга уруксат берген.

«Азыр ал жактын маселеси боюнча жооп бербейм. Бирок мен иштеп турган учурда бийиктиги 1,5 метрден ашкан жана чириген бадалдарды кыюуга уруксат бергем. Анткени жанына кайың, туя жана башка бак-дарактарды отургузганбыз. Андан кийинки окуяларды билбейм», — деди ал.

Кемин райондук жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун директорунун милдетин убактылуу аткаруучу Шаршенбек Эркегулов бул боюнча: «Мен ооруканага жаӊы барган кишимин. Келгениме эки айдай болуп калды. Анан булар 16 түп кара жыгачты кыйып салышыптыр. Алар бадал деп жатышпайбы. Бадал эмес, бул кымбат баалуу дарак. Аны өзү кыйганбы же жанындагылар кыйганбы, билбейм. Анан кыйылган отундарды каякка алып кетишкени да белгисиз. Дарыгер болсо кабинетиме чакырып, эскертет элем. Бул болсо жөн гана медайым болуп жатпайбы. Алар өздөрү эле ызы-чуу болуп жатышат. Кызматтан кетем деп жазган арызына кол койгон жокмун. Дары-дармек боюнча айтылган сөздөрү жалган. Өзүнө өзү кол салганын уккам.

Негизи даракты кыюуга аларга ким уруксат берди? Экологдун уруксаты жана жетекчиликтин тапшырмасы менен кыйыш керек. Өзүнүн короосундагы бак эмес. Ал мамлекеттин короосу. Бул ээнбаштык деп саналат. Ал тургай оорукананын короосундагы ташты жылдыруу үчүн да жетекчиден уруксат сураш керек», — деди.

  • Саламаттыкты сактоо министрлиги Кемин шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун кызматкерлеринин кайрылуусуна байланыштуу Чүй облусунун саламаттыкты сактоо боюнча координаторуна бул ишти талдоо үчүн жумушчу комиссия түзүүнү тапшырды. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2022-жылдын 29-апрелинде Кемин районунун ички иштер органдарына ооруканага кан тамырын кесип, өз жанын кыюуга аракет кылган аял жаткырылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Жерине ыкчам-тергөө тобу барып, милиция кызматкерлери К.Н. бул жосунду ал иштеген мекеменин жетекчиси менен болгон чырдан улам жасагандыгын аныкташкан. Ошол эле учурда суракка алуу учурунда аял түшүндүрмө берүүдөн кескин баш тарткан. Ушундан улам акт түзүлгөн.

Андан соң, ал ички иштер органдарына 2022-жылдын 3-майында гана кайрылып, аталган мекеменин жетекчиси милиция менен прокуратура аркылуу коркутуп, жумуштан кетүүгө мажбурлаганына байланыштуу чара көрүүнү суранган.

Учурда иштин бардык жагдайларын тактоо үчүн милиция кызматкерлери тарабынан бир катар тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул мекемеде иштеген бардык адамдар суракка алынат. Мындан тышкары тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Учурда сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE