Пример HTML-страницы

Каршылыктарга карабай баш кошкон Сергей менен Мунаранын махабат баяны

Акыркы жанылыктар

Turmush«Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — 61 жаштагы Мунара Баймендеева. Ал жолдошу Сергей Кливетский менен 34 жылдан бери чогуу түтүн булатып келет. Каарманыбыз биринчи турмушунан ажырап, орус улутундагы жигит менен таанышып калганын, айланадагы каршылыктарга ортодогу махабат туруштук бергенин айтып берди.

«Мен Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арчалы айлында төрөлүп-өскөм. Биринчи жолдошум менен мамилебиз келишпей, эки жолго түшүп кеттик. Боюмда бар эле, айылга төркүнүмө келе бердим. Тун уулумду 1988-жылы ошол жактан төрөдүм. Кесибим боюнча мугалим болгондуктан, айылдагы бала бакчага жумушка орношуп алдым. Анда уулум 1 жашка чыга элек болчу.

Күндөрдүн биринде бала бакчадан орус улутундагы Сергей аттуу жигит менен таанышып калдым. Ал бизге кошуна Кайырма айылынан болот экен. Бирок мурун такыр көрүп байкабаптырмын. Мен жумушка жөө басып баратканда, ал унаасы менен ары-бери өтөт. Экөөбүздүн ортобузба жылуу сезимдер пайда болуп, 1-2 жыл сүйлөшүп жүрдүк. Ушул жыл аралыгында экөөбүздүн мамилебизге каршы чыккандар көп болду. “Кыргыз жигиттери турганда, аны эмне кыласың” деп айныткандар чыкты. Аны менен катар ата-энем да макулдугун бербей жүрүштү. Анткени Сергейдин да биринчи турмушунан балдары бар эле. Ата-энем: “кызым, балдарынын убалына калба” деп, 2 жылдай каршы болуп жүруштү. Мындан улам мен да ата-энемдин айтканынан чыга албай, баш кошууга макулдугумду берген жокмун», — деди ал.

Анын айтымында, айланадагы каршылыктарды ортодогу жылуу сезим жеңип кеткен.

«Сергейдин сүйүүсү күчтүү экен, каршылыктарга карабай, болбой жатып үйлөндү. Акырында кошуналар “элдин сөзүн эмне кыласың, өзүңдүн махабатың үчүн күрөш” деген сөздөрүн айтышып, ата-энемди да көндүрүштү. Ошентип, 1990-жылы мен 27 жашта, ал 36 жашында баш кошуп алдык. Мага “Мунара, сен мени сүйгөнүңдүн кереги жок, мен сени сүйгөнүм жетет” деп айтып калчу.

Пасха майрамында кайнагам менен кайним үйгө келишти. Орустарда калың берүү, алдынан өтүү деген түшүнүк жок. Үйгө келип эле, ата-энеме “кызыңарды алып кеткени келдик, макул болгула. Экөө жашашсын, Сергей кызыңарды аябай жакшы көрөт” дешти. Анан мага “чемоданыңа кийимдериңди чогулт” деп эле алып кетип калышты. Апасы жана бир туугандары мени жакшы кабыл алышты. Ал убакта атасы жок болчу. Кайнагам менен абысыным бизге батир алууга жардам беришти. Биз алардын бул жакшылыгын эч качан унутпайбыз. Учурда Бишкек шаарындагы Төкөлдөш конушунда турабыз», — деди ал.

Мунара айым учурдагы жашоосу боюнча жана жолдошу Сергей тууралуу сөз кылды.

«Жолдошумдун биринчи турмушундагы балдары (3 уул жана 1 кызы бар) үйгө келип, чогуу жашап жүрүштү. Азыр баары чоңоюп, өз жашоосу менен алек. Бизге телефон аркылуу байланышып турушат. Ал эми Сергей экөөбүз 1992-жылы Алиса аттуу кыздуу болдук. Анын турмушка чыкканына 11 жыл болду. Учурда 3 баланын энеси. Күйөө балабыздын улуту кыргыз, неберелерибиз таятасына окшоп кетет.

Жолдошум орус болгону менен кыргызча так сүйлөйт. Кыргыз айылында төрөлүп-өскөн да. Сергей деп аты эле орусча болбосо, тили жана дили кыргыз. Кыргыздын улуттук тамак-аштарын абдан жакшы көрөт, када-салттарынын баарын карманат. Дасторкон үстүндө бата бергенди билет. Ал Ислам динин кабыл алган. Учурда 70 жашта. Балдарыбыз ар жума сайын келип, бизден кабар алып турушат. Экөөбүз бактылуу карылыкта өмүр сүрүп жатабыз», — деп сөзүн жыйынтыктады Мунара Баймендеева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE