Пример HTML-страницы

Караколдук Чынара Жаныбекова турмушка чыккан соң, гүл өстүрүүгө болгон кызыгуусу күчөгөн

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарынын 55 жаштагы тургуну Чынара Жаныбекова жакшы көргөн жумушунан киреше табуу жолун өздөштүрүүдө. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

«Турмушка чыккандан кийин үйдө гүл өстүрүүгө кызыгуум күчөдү. Алгач цикламен гүлдөрүн өстүрө баштадым. Анын кооздугу үйгө өзүнчө бир көрк берип, жакшы бир маанайды тартуулап турчу. Үйгө келген коноктор да менин гүлдөрүмө суктануу менен карашар эле», — деди ал.

Өзү өстүргөн гүлдөрүнүн ичинен эң жактырганы — бул глоксиния.

«Байкашымча бул гүлдү айымдар менен катар мырзалар да жактырат. Мырзалар белекке гүл алып жатканда, дароо эле ушул гүлгө көңүлүн бурушат. Мага да ушул гүл абдан жагат. Аны өстүрүүнүн сыры да жөнөкөй. Глоксиния гүлү күндү абдан жакшы көрөт. Гүлдөй элек кезде, күн тийип турган жерге коюп өстүрүү керек. Гүл ачкан кезде, көпкө сакталып туруу үчүн күн тийип турган жерден ордун алмаштыруу зарыл. Ал эми топурагы жеңил, азыкка бай болушу абзел. Анан гүлдүн көчөттөрүнөн, тамырынан, жалбырагынан көбөйткөндө өсөбү ошол жагын өздөштүрүп алуу кажет», — деди ал.

Каарманыбыз алгач бөлмө гүлдөрүн гана өстүрүп келсе, учурда бакча гүлдөрүнүн да түрүн өстүрөт. Анда роза, нарцисс, жоогазын (тюльпан), лилия жана хризантема гүлдөрүн өстүрөт.

«Кардарлар лилия гүлүн да абдан жакшы көрүшөт. Анын өтүп жаткан мезгилинде, 15 миң сомго чейин киреше таап алам. Ал эми хризантеманын 10го жакын түрүн өстүрөм. Бакчада гүлдөр бажырайып ачылып турса эң сонун. Негизи гүл өстүргөн ден соолукка да пайдалуу. Аларга кам көрүп, көңүлүн көтөрүңкү, дайым жакшы маанайда жүрөсүң. Хризантемалар шар түрүндө жакшы гүлдөсө, бир түбү 400 сомго чейин сатылат», — деди ал.

Анын гүлдөрү 50 сомдон 400 сомго чейин бааланат. Жылына 80-90 миң сомго жакын киреше табарын айтат.

«Негизи дем алыш күндөрү гана гүлдөрдү базарга алып барып сатам. Ошондой эле интернетте сатуу сайттарына киргизип коём. Көпчүлүк кардарларым үйгө келип, алып кетишет», — деди ал.

Буга чейин Чынар айым гүлдөргө салынчу топуракты карагай түбүнө барып, алып келсе, учурда атайын сатыкта турган топуракты колдонуп калганын айтат. Башкысы топурак азыкка бай болушу керектигин кошумчалап өттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE