Пример HTML-страницы

Кара-Суудагы агрардык өнүктүрүү мекемесинин жетекчисине чара көрүү сунушу берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushАраван райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Музафар Мамасаидовго чара көрүү сунушу аким Сейтек Кулубаевге берилди, деп билдирди аймактык кабарчы.

  • Бүгүн, 26-июлда президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүндө Ош облусунун 2022-жылдын I жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы, II жарым жылдыгына милдеттери боюнча коллегиялык жыйыны өтүп жатат.

Музафар Мамасаидовго чара көрүү боюнча тапшырма облус башчысы Зиядин Жамалдинов тарабынан Араван районунун аймагындагы медицина мекемелеринин жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгүн көзөмөлгө албай, координациялоо иштерин жетишерлик деңгээлде жүргүзбөгөндүгү үчүн үчүн берилген.

Мындан тышкары калкка сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүдө кемчиликтерге жол берип, кызматтык милдетин аткарууда шалаакы мамиле жасагандыгы үчүн Араван, Ноокат жалпы дарыгерлер практикалык борборлорунун башкы дарыгерлерине чара көрүү жагы райондук мамлекеттик администрацияларынын башчыларына милдеттендирилди.

Ошондой эле, азык-түлүк коопсуздугун сактоодо негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн бири болгон май чыгуучу өсүмдүк Кара-Суу районунда пландалган аянттан аз себилгендиги, пахта өсүмдүгүнүн айдоо аянттары боюнча жетиштүү деңгээлде анализ жасалбагандыгы жана 2022-жылы жазгы айдап-себүү аянттарын азайткандыгы үчүн Кара-Суу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы К.Мамедовго мыйзам чегинде чара көрүү жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик администрация башчысы Турусбек Ногоевге сунушталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE