Пример HTML-страницы

Кара-Сууда Ош облусундагы мугалимдердин спорттук-туристтик слёту болуп өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Суу районунда мугалимдердин 34-слёту болуп өттү. Бул тууралуу Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунан билдиришти.

Ош облусундагы мугалимдердин спорттук-туристтик мелдеши Жаңы-Арык айыл аймагындагы эс алуу жайында уюштурулду. Ага 7 команда катышты.

Мугалимдердин ден соолугун медициналык кызматкерлер көзөмөлгө алса, милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыз кылышты.

Мелдештин негизги максаты — тоо туризмин өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу, туризм, өлкө таануу жана экология иштерин жайылтуу, балдар чыгармачылык борборлорунда жана мектептерде мугалимдердин туристтик жөндөмдүүлүктөрүн жогорулатуу, экология, туризм жана өлкө таануу боюнча балдар чыгармачылык борборлорунда ийрим иштерин жандандыруу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE