Пример HTML-страницы

Кара-Кулжадагы дарыянын жээгиндеги сырдуу күмбөздөр

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айыл өкмөтүнө караштуу Тар дарыясынын оң жээгинде күмбөздөр тобу жайгашкан. «Баатырлар күмбөзү» деп аталган күмбөздөр тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы сураштырып көрдү.

Жергиликтүү жашоочулар арасында аталган күмбөздөргө казатта курман болгон баатырлар — Чубак, Сыргак, Серек коюлгандыгы тууралуу уламыш айтылып жүргөнү менен бул такталган маалымат эмес. Күмбөздөр тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрүндө да так маалымат жок. Айыл жеринен алыс жайгашкандыктан жергиликтүү тургундардын көпчүлүгү күмбөз бар экенин билбей турганын айтышты.

Ал эми археолог Эмил Султанов күмбөздөрдүн сүрөтүн карап, баа берүү кыйын экенин, жеринен изилдөө керек экенин айтты. Анын айтымында, күмбөздөрдүн түзүлүшүнө 18-19-кылымдарга таандык. Алар орто кылымдардагы кыштарга окшош кирпич менен курулган.

Бул жерде 7-8 күмбөз бар. Бирок алардын экөөнүн гана бөлүктөрү сакталып, калгандары талкаланып, орду гана калган. Алар үй тибинде курулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE