Пример HTML-страницы

Кара-Көлдө №718 аскер бөлүктүн 16 жылдыгы белгиленди

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 10-августта Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жайгашкан №718 аскер бөлүккө 16 жыл болду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, ИИМдин Ички аскерлеринин №718 аскер бөлүгүнүн түзүлгөнүнүн 16 жылдыгына карата иш-чара өткөрүлдү. Бул иш-чарага шаар мэри Таалайбек Конкобаев да катышты.

Аталган бөлүктүн 16 жылдыгына карата күжүрмөн даярдыкта жакшы жетишкендиктери, үлгүлүү аскердик тартиби, өздөрүнүн функционалдык милдеттерин так, туура аткаргандыгы жана мамлекеттик стратегиялык маанилүү жайларды коргоодо жоопкерчиликтүү кызмат уюштуруп, кызмат өтөгөндүгү үчүн шаардык мэриянын ардак грамотасы менен аскер бөлүктүн 3 кызматкери сыйланды.

Алар:

— Кубатбек Эстебесов — №718 аскер бөлүктүн 6-кайтаруу батальонунун 1-кайтаруу ротасынын кароол башчысы, прапорщик;

— Тайыр Борбашов — 7-кайтаруу батальонунун (Кара-Жыгач) 2-кайтаруу ротасынын 2-взводунун 2-бөлүмчөсүнүн командири, сержант;

— Сыдык Мамбеталиев — 8-кайтаруу батальонунун (Шамалды-Сай) материалдык-техникалык камсыздоо взводунун командири, прапорщик.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE