Пример HTML-страницы

Кара-көлдүк мугалим жоолукчан кыздарга кеп такыя кийүүнү сунуштады

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын 57 жаштагы тургуну Тамара Мүсүралиева «Өнөрлүү бала — өлкөнүн келечеги» аталышындагы республикалык илимий-практикалык конференциянын катышуучуларына мастер-класс көрсөттү. Ал улуттук баш кийимдерге токтолуп, окуучу кыздарга кеп такыя кийүүнү сунуштады.

Анын айтымында, ата-бабадан келе жаткан салтты аздектеп, улуттук кийимдерге басым жасоо керек. Анткени ал биздин жашоо шартыбызга ылайыкталган. Алардын маани-маңызы да зор.

«Элечекти эл оозунда илээки деп аташкан. Бул баш кийим кыргыз айымдарынын ажарын ачкан. Ал ак кездемеден кат-кат оролуп, байбичелердин элечеги казы элечек деп аталган. Биздин ата-бабалар көчүп-конуп жүргөндүктөн жол-белде кандай гана иш болбосун элечекти колдонушкан. Мисалы, жолдо бала төрөлгөндө оромол катары ороп, адам кырсыктап, каза болгондо элечекти кепин катары колдонушкан. Улгайгандардын элечеги жөнөкөй оролуп, көлөмдүү көрүнгөн. Ал эми колуктулар кийген элечектин маңдай жагы шурулар менен кооздолгон. Бул элечекти шурутартма элечек деп аташкан. Элечектин кээ бир түрлөрү күмүш калдыркан, күмүш жебирөөчтөр менен укмуштуудай кооздолуп, кыргакталган. Кыргак алтын, күмүш, акак таштар менен чегерилип, элечекти кооздоо менен катар аны элечектин жанып, чубалып кетүүсүнөн сактаган. Ал көркөмдүүлүгүнө жараша алтын, күмүш, саймаланып, оймолонуп түшүрүлгөн, бермет, шуру бастырылып түшүрүлгөн кыргак болуп бөлүнгөн.

Элечек ар кайсы аймакта ар кандай оролгон. Айрымасы бар. Анын өзгөрүүсүнө ар бир тиккен уз-чебердин таасири бар. Элечек аял затынын ажарын ачса, чачпак анын түз басууна өбөлгө түзгөн. Канчалык чачпак салмактуу, алтын, күмүш менен кооздолсо, ошончолук жакшы болгон. Анткени аялдын койкоюп басуусуна өбөлгө түзгөн. Ошон үчүн мурда бел оору деген айымдарда азыраак кездешкен.

Чачпак үч бөлүктөн турат. Башы эки топчу сыяктуу, эки өрүм чачты бириктирип, кармап турат. Аял заты жумуш кылганда чачы тоскоол болбоосу үчүн чачпак тагышып, басканда андан «шылдырт» деген жагымдуу дабыш чыгып турган. Зергерлер гүлдөрдү түшүрүп, алтын, күмүш акак таштардан чачпак жасашкан.

Шөкүлө кыздар бойго жетип, куда түшүп келген кезде кийилген. Калыңын кыздын ата-энесине өткөргөндөн баштап кыздын башы бош эместигин билгизип, шөкүлө кийип башташкан. Эң кызыгы, шөкүлөнүн жасалгасын кайын журту, кыздын барар жери канчалык мансаптуу, бай жер экенинен кабар берген. Шөкүлө ак кийизден жасалып, ортосуна жүн салынып, сырты ар түркүн кыжымдан карматылып, шөкөттөлүп, сайма, шурулар бастырылып жасалган. Аны кыз турмушка узап баратканда кийген. Азыр кээ бир аял заты, орто жаштагылар ырдаганда шөкүлө кийип алышып жатат. Бул негизи туура эмес. Аны кыз турмушка чыкканда кийип, кайын журтуна баргандан кийин бир-эки күндөн кийин төркүнүнө берип жиберген. Аны ал кыздан кийинки сиңдилери турмушка чыгарда кийген. Ал боз үйдөгү саймаланып кооздолгон текчеге сактаган же болбосо сандыкка салып коюшкан.

Тебетейди кичинекей кыздар кийген. Жээгине кундуз, суусар карматып, үпү тагылып тигилген. Муну секелек кыздар кийген. Эки капталына бештен чач өрүп, кийгизишкен.

Кеп такыя элечектин ичинен кийилген. Элечекти бир балалуу болгон жаш келиндер кийип баштаган. Кеп такыяны азыр жаш кыздарга кийсин деп айтар элем. Анткени окуучу кыздар оронуп жатышат. Ошондон көрө биздин кыргыздын баш кийимин кооздоп кийсе болот деген ойду айтар элем», — деди ал.

Тамара Мүсүралиева кеп такыянын 6 түрүн тиккен.

«Мисалы, анын бири саймаланса, дагы биринин төбөсү чогултулуп байланган. Шалча түрүндө кездемелерден, седеп топчулар менен кооздолгон кеп такыяларды тиктим. Кеп такыя маңдайы, эки кулакчыны, аркасында чачты жапкан куйрукчасы болуп бычылат. Дагы бир түрүндө кеп такыяны жалпы эле бычсаң болот. Булардын ар биринин бычылышы, тигилиши ушундай», — деди ал.

Тамара Мүсүралиева Ч.Айтматов атындагы балдар чыгармачыл үйүнүн «Чебер колдор» ийримин 14 жылдан бери жетектеп келет. Кесиби боюнча башталгыч класстарынын мугалими.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE