Пример HTML-страницы

Кара-Бүргөндүн тургундары айыл өкмөт башчысынын кызматтан кетүүсүнө нааразы болуп чогулушту. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнүн башчысы Арстан Акиев кызматынан кетип калгандыгы үчүн айрым тургундар нааразычылык билдирип, район жетекчисине кайрылышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

19-апрелде Кара-Бүргөн, Ак-Чий жана Жаңы-Тилек айылдарынын айрым тургундары Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясына чогулушту. Алар менен район акими Жумадилла Жапаров жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар Арстан Акиев бир катар долбоорлорду баштагандыгын, баштаган ишин аягына чыгарыш керектигин, үстүнөн 5-6 адам арыз жазып койсо эле кызматтан алып коюу болбостугун жана аны кайра айыл өкмөт башчылыкка дайындоону же анын ишин андан ары улантып кете ала турган айыл өкмөт башчысын дайындап берүүнү суранышты.

Ал эми район акими Жумадилла Жапаров айыл өкмөт башчысы өз каалоосу менен арыз жазып кеткендигин айтты.

«Арстан Акиев 17-апрель күнү кызматынан кетүү тууралуу оозеки билдирүү жасаган. 18-апрель күнү үй-бүлөлүк шартка байланыштуу ээлеп турган кызматынан бошотуп коюуну суранып, арыз менен мага кайрылды. Мен ал киши менен иш бөлмөмдө жарым сааттай сүйлөштүм. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ал кишиден «жазгы жумуштар башталганда кетпей эле турбайсызбы. Жок дегенде жылдын аягында кетиңиз» деп өтүндүм. Бирок кийин эмгек жамааты менен жолугуп, кызматынан кетүү боюнча арыз жазгандыгын айтып, коштошуп кетиптир. Телефон чалсам албай койду, байланыша албай койдум.

Анан жумуш токтобош керек. 19-апрель күнү гана кызматынан четтетүү боюнча буйрук чыгардым. Ал кишинин мыйзамда көрсөтүлгөн укугу бар. «Кызматтан кетем» деп өз арызын жазып жаткан адамды мен кармап тура албайм. Арстан Акиевдин үстүнөн жазылган кандайдыр бир арыздардын негизинде иштен алган жокмун. Өз каалоосу менен кетти. Мага себептерин түшүндүрүп берди. Ал эми башталган иштер уланат, аягына чыгарылат», — деди Ж.Жапаров.

Арстанбек Акиев 2023-жылдын 25-апрель күнү курамы Кара-Бүргөн, Ак-Чий жана Жаңы-Тилек айылдарынан турган Кара-Бүргөн айыл аймагынын башчысы болуп дайындалган. 2023-жылдын 19-апрель күнү өз каалоосу менен жазган арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду. Анын ордуна айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу болуп айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Марипа Төрөбек кызы дайындалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE