Пример HTML-страницы

Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы убактылуу кармоочу жайдан чыкты

Акыркы жанылыктар

TurmushУКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы камактан бошотулду. Ал пара опузалоого шектелип камакка алынган болчу.

Буга чейин УКМК билдиргендей, колго түшүрүү операциясы 2022-жылы 11-мартта Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (пара опузалоо) 1-бөлүгү менен козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн.

  • И.А.К. — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин өкүл баласы. Ал Ташиев менен туугандык байланышын пайдаланып, Таш-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкери Б.А.И. менен жең учунан сүйлөшүп алып, жеке ишкерден 120 миң сом акча опузалаган.

И.А.К. менен Б.А.И. жеке ишкерден 90 миң сом алып жаткан жеринен кармалып, Жалал-Абад ОИИБдин абагына камалган.

Turmush басылмасына Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, Жалал-Абад шаардык сотунун тергөө судьясынын 2022-жылдын 13-мартындагы токтому менен УКМКнын Жалал-Абад облустук башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн ага тергөөчүсү Б.Б.нын шектүү И.А.Ктын бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрүн тандоо жөнүндөгү өтүнмөсү канааттандырылган. И.А.К. 2 (эки) айга, тактап айтканда 2022-жылдын 12-мартынан баштап 2022-жылдын 11-майына чейин камакка алынган.

Айыпталуучунун жактоочусу макул болбой, апелляциялык арыз менен Жалал-Абад облустук сотуна кайрылган. Жалал-Абад облустук сотунун 2022-жылдын 1-апрелдеги аныктамасы менен жактоочу С.М. апелляциялык арызы канааттандыруусуз калтырылган.

Жалал-Абад шаардык сотунун тергөө судьясынын 2022-жылдын 29-апрелдеги токтому менен тергөөчү Б.Б.нын шектүү И.А.К.нын камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын үй камагына алмаштыруу жөнүндөгү өтүнүчү канааттандырылган. Ал 2022-жылдын 29-майына чейин үй камакта болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE