Пример HTML-страницы

Күнүнө беш маал «жашоо жарым саатка токтоп калган» өлкөдө эмгектенген Алия Тешебаева

Акыркы жанылыктар

Turmush«Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Сауд Арабиянын Жидда шаарында эмгектенип жаткан Алия Тешебаева. Ал учурда араб аба компаниясында борт коштоочу болуп иштеп жатканын, башка өлкөдөгү жашоосу боюнча Turmush басылмасына айтып берди.

«Мен 2000-жылы Бишкек шаарында жарыкка келгем. Калаанын Л.В.Толстунов атындагы №12 мектеп-гимназиясын аяктагам. Учурда И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда сырттан окуу бөлүмүндө билим алуудамын.

17 жашымдан тарта борт коштоочу болуп иштөөнү кыялданчумун. Инстаграммдан “Emirates” аба компаниясында иштеген кыздардын баракчасына катталган элем. Акырындык менен эңсеген кыялым максатка айланды. Анан алдыга карай эмнелерге кол жеткизгим келери боюнча план түздүм. Өзүмдүн кыялымдын үстүнөн тынымсыз иш алып бара баштадым. Алдыда күтүп турган бардык кыйынчылыктарга даяр болдум. Бирок өзүмө жана мүмкүнчүлүктөрүмө ишенбөө такыр болгон эмес. Мындан улам бүгүнкү күндө сыймыктануу менен басып өткөн жолумду артка кылчайып карай алам жана уланта алам.

Азыркы тапта Сауд Арабиянын Жидда шаарында жашайм. Бул шаар планетанын эң жылуу деңизи деп эсептелген Кызыл деңизинин жээгинде жайгашкан. Анда араб аба компаниялардын биринде борт коштоочу (стюардесса) болуп иштейм», — деди ал.

Каарманыбыз Сауд Арабия боюнча айтып берди.

«Сауд Арабия келип кетүү үчүн дээрлик жабык өлкө. Буга чейин виза бизнесмендерге, дипломаттарга, алардын жакындарына жана зыяратчыларга гана берилип келген. 2019-жылдан тарта чет элдик жарандар үчүн туристтик жана жумушчу визалар киргизилди. Мен бул жерге 2022-жылдын октябрь айында учуп келгем. Борт коштоочуларды даярдоо борбору Эр-Рияд шаарында өттү.

Такыр башка коомдо чоңойгондуктан бул жер мен үчүн өөн учурады. Ооба, башында абая (узун көйнөк) кийиш керек болду. Мен үчүн бул көйнөк же жөнөкөй нерсе болчу. Бирок мен муну эркиндигимди бузуу катары көргөн жокмун.

Саудиялыктар абдан меймандос калк келишет. Алар англис тилин билбей кыйналышса да, колунан келишинче жардам берүүгө аракет кылышат. Бул жерде климат өтө кургак. Жайында абанын температурасы +50ден ашат жана абдан нымдуу.

Бул жерде шаарды кыдырып чыгууда кыйынчылыктар бар. Анткени ал жакта коомдук транспорт жок, эч ким жөө баспайт. Кийинчерээк алардын ар биринде турак жай, кызматчы жана жеке айдоочу болорун түшүндүм. Сауд Арабияда — бул зарылчылык, люкс эмес. Ресторандар менен соода борборлорунун кире бериши эркектер, аялдар жана үй-бүлөлөр үчүн өзүнчө. Жол эрежеси такыр жок, айдоочулук күбөлүк алуу үчүн окубай эле койгон жакшы (күлүп).

Алгач интернеттен Сауд Арабия Королдугу жөнүндө маалыматтарды издеп, окуй баштадым. Анда жазылган маалыматтарда баары «катуу жана кооптуудай» сезилген. Бирок баары алда канча жөнөкөй болуп чыкты. Ооба, кээ бир өзгөчөлүктөр бар, бирок коркунучтуу же өзгөчө оор эч нерсе болгон жок. Адам болгондон кийин баарына көнүп кетет экенбиз.

Бул жерде экспаттар (башка өлкөдө иштөө аяктагандан кийин өз өлкөсүнө кайтып келүүнү көздөгөн кесипкөй, квалификациялуу жумушчу же студент) үчүн эң жагымдуу нерсе — албетте айлык акы. Сауд Арабия Королдугу эң бай өлкөлөрдүн катарына киргендиктен айлык маяна жогору. Мындан тышкары, мен эмгектенген компания турак жай жана транспорт менен камсыз кылат. Компания виза алып берип, Дубай аркылуу транзиттик билеттер менен камсыздашты. Бул жерде дагы камсыздандыруубуз бар. Жашоо шарты абдан жакшы.

Көптөгөн мечиттерден күнүнө беш ирет Азан (жалпы мусулмандарды намазга чакыруу) угулуп турат. Сауд Арабияда күнүнө беш маал (намаз убактысы) жашоо жарым саатка жакын токтоп калганына таң калдым. Мамлекеттик мекемелер, жеке фирмалар жана дүкөндөрдүн баары жабылат. Ошондуктан соода борборлоруна барууну алдын ала пландаштыруу керек. Ал эми түн бул жерде күндүн активдүү бөлүгү болуп саналат. Чыныгы жашоо түндө ысык басаңдаганда башталат. Түнкүсүн адамдар конокко барышат, даамдуу тамактарды жешет, үй-бүлөлөрү менен сейилдеп, аянтчаларда ойноп, соода кылышат», — деди ал.

Алия Тешебаеванын айтымында, борт кошточуунун жашоосу тынымсыз кайнап турат.

«Менин жолум болуп, кыргызстандык эки кыз менен бир виллада (эс алуучу үй) жашайм. Бош убактыбызда Кызыл деңиздин жээгинде сейилдегенди жакшы көрөбүз. Саякаттоолорго чыгабыз, ат үстүндө убакыт өткөрүүнү жактырабыз.

Борт кошточуунун жашоосу тынымсыз кайнап турат десек болот. Ташкент шаарына иш сапарга кетсем, 3 күндөн кийин Дубай аба каттамында кызмат өтөп жаткан болом. Анан эле кайра 23 сааттан кийин кийимдеримди чогултуп, башка шаарга, башка базага кетүүгө камданып калам.

Сауд Арабияда менин жашоомдун жаңы бөлүмү башталды десем болот. Мына ушул жерден мен өзүмдүн психикалык жактан канчалык чоңойгонумду жана сырттан кандай өзгөргөнүмдү түшүндүм. Өзүмө болгон ишенимим жүз эсе өстү.

Күн сайын ар кандай кыйынчылыктарга туш болсом, муну жеңүүгө өзүмдөн башка эч ким жардам бере албасын түшүнөм. Баары биздин колубузда. Мен туш болгон сыноо жана оорчулуктардын баарын ишеним жана оптимизмдин аркасында жеңгем.

Ушунчалык көп жумшалган энергия, уйкусуз күндөр, убакыт, нерв жана күтүүлөр акыр-аягы өз натыйжасын берди. Борт кошточуунун жумушу абдан кызыктуу. Бүгүнкү күн кечээкиге окшобойт. Муну менен катар ар кайсы өлкөлөрдө саякаттап, жашоодон ырахат алабыз», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE