Пример HTML-страницы

Эшикти каккылашып… Сөөгү түрмөдөн чыгарылган жигиттин өлүмүнүн себеби айтылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Ош шаарындагы №25 мекемесинде уурулукка айыпталып жаткан жигит каза тапты.

Аталган түзүмдүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2022-жылдын 24-августунда саат 16:30 чамасында биринчи режимдик корпустун №25 камерасында отургандар медицина кызматкерлерин чакыруу үчүн эшикти каккылай башташкан. Алар жанындагы камералашы эс-учун жоготкондугун билдиришкен.

Ал жерге ыкчам келген кызматкерлер камеранын ичинен Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (урдоо) менен айыпталып жаткан З.М.С.ны эс-учун жоготкон абалда табышкан.

Ал 22-августта убактылуу кармоочу жайдан №5 СИЗОго которулуп, №25 мекеменин карантиндик камерасына киргизилген. Кабыл алууда З.М.С. жүрөк оорусу боюнча даттанган. Ошондой эле анын эки санында гематомалар болгон. Ал дароо СИЗОнун дарылоо бөлүмүнө жеткирилип, ага биринчи медициналык жардам көрсөтүү аракеттери көрүлгөн. Тез жардам кызматкерлери да кабардар болуп, алар мекемеге саат 16:50 чамасында келип, айыпталуучу каза болгонун билдиришкен.

  • Маркум Кара-Суу районунда 1989-жылы туулган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, З.М.С.нын өлүмүнө курч жүрөк кемтиги себеп болгон.

Маркумдун сөөгү саат 18.30да өлүкканага жеткирилип, эртеси, 25-августта саат 12.30да туугандары алып кетишкен.

Бул факты боюнча иш козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE