Пример HTML-страницы

Жайылда чөп жүктөлгөн унаа толугу менен өрттөнүп кетти. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 13-июлда Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Федоровка айылында 130 түк чөптү жүктөп келе жаткан унаа толугу менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя аталган айылдын В.Ленин көчөсүндө саат 13:48 чамасында болгон. Жабыркагандар жок. Кырсык катталган жерге саат 13:50дө Кара-Балта шаардык жана Жайыл райондук өрткө каршы куткаруу кызматынан 1 бөлүм чыгып, саат 15:12де өрттү толугу менен өчүрүшкөн.

Өрттүн себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE