Пример HTML-страницы

Сузактан Ошко келген жигит мечиттерден телефон, акча уурдап жүргөн

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында мечиттерде уурулук кылып жүргөн 27 жаштагы шектүү жигит кармалды. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, шектүү — Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 1995-жылы туулган тургуну Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан колго түштү. Ал Ош шаарына келип, мечиттерде намаз окуганы келген жарандар алаксып калгандыгынан пайдаланып, аларга таандык болгон буюмдарды: телефон, акча каражаттарын, сумкаларды уурдап, изин жашырып жүргөн. Бүгүнкү күндө жабырлануучулардын саны 20 адамга жакындап калды.

«Кармалган жаран уурдалган буюмдарын арзан баада соодагерлерге өткөрүп берип турган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иш козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат», — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Тергөөнүн алгачкы маалыматына караганда, шектүү буга чейин Бишкек шаарында дагы ушундай кылмыш үчүн соттолгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE