Пример HTML-страницы

Саламаттыкты сактоо министринин буйругу менен кызматтан алынган А.Имашева кайра жумушуна кайтты

Акыркы жанылыктар

TurmushИмашева Айнура Эсенжановна Чүй облусунун Жайыл райондук жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун директору кызматына кайтып келди.

Turmush басылмасынын кабарчысынын маалыматы боюнча, ал саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин буйругу менен 2022-жылдын 26-апрелинде кызматтан бошотулган. Анын ордуна саламаттыкты сактоо министринин 2022-жылдын 26-апрелиндеги буйругу менен Кубанычбек Чойбеков дайындалган.

Имашева кызматына кайтаруу боюнча Жайыл райондук сотуна кайрылып, процессти утуп алды.

Борбордун жаңы жетекчилиги Чүй облустук сотуна апелляция менен кайрылды. Бирок апелляция документтер толук болбогондуктан кабыл алынбаганы маалым болду.

Кечээ, 9-августта Жайыл райондук жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун жамаатына Имашаева кызматка кайтканын маалымдашты.

  • Жайыл райондук ооруканасы менен Жайыл райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору Жайыл райондук жалпы дарыгерлердин практикалык борбору болуп бириктирилген.

  • Аталган борбордун директору болуп Имашева Айнура Эсенжановна дайындалган. Ал буга чейин үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE