Пример HTML-страницы

«Ош» эл аралык аэропортунун учуу залында эл каттоо башталды

Акыркы жанылыктар

Turmush25-мартка караган түнү саат 00:00дө «Ош» эл аралык аэропортунун учуу залында Ош шаардык статистика башкармалыгынын адистери жарандарды каттоого алууну баштады. Бул тууралуу аймактык кабарчы бидирди.

Маалыматка караганда, кызматкерлер чет өлкөгө сапар тарткан жарандарды каттоодон өткөрүштү.

Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев эл каттоо иштери «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортторунда жүрөрүн билдирди.

«Ош эл аралык аэропортунда жана «Манас» эл аралык аэропортунда учуп жаткан жарандарды сөзсүз түрдө каттоодон өткөрүшүбүз керек. Көрүп жатабыз, эл көп экен. Биздин эң биринчи милдетибиз — Кыргызстандагы ар бир адамды каттоодон өткөрүү. Ошол себептен бүгүн түнкү саат 00:00дөн баштап эл каттоону баштадык. Бул эл каттоо 10 күн аралыгында жүрөт. Кыргызстандын бардык булуң- бурчтарына жетишиш керек, бир да адам калбашы керек.

Ош шаары боюнча эл каттоочу 1071 кызматкерибиз бар. Азыркы учурда Ош шаарында 330 миңге жакын калк жашайт. Жалпысынан Кыргызстан боюнча 28 миң адам Улуттук статистика комитетинин штатына убактылуу жумушка алынган. Бул жерде координаторлор бар, алар — 506 адам. 2 миң 556 адам — контролерлер жана 24 миң 837 адам — эл каттоочулар. Эртең менен үймө-үй кыдырып катташат», — деди З.Жумалиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE