Пример HTML-страницы

Малга эмне үчүн өткөн жылдагы кургак тоют чөп берилет?

Акыркы жанылыктар

TurmushЖаз мезгилинин акыркы май айы болсо да Чүй облусунун Москва районунда өткөн жылдагы тоюттун баасы эмне себептен 350-400 сомдон түшө элек?

Бул суроого аймактык кабарчы жергиликтүү тургундардан жооп издеген.

Маалым болгондой, ар айдын жекшемби күнү Беловодск айылында мал базар өтөт. Анда тоют, азык-түлүктөр жана жайма базарда мурда колдонулган түрдүү буюмдар сатылат.

«Беловодск айылында «Жекшемби» базары уюштурулган. Ар айдын дем алуу күнүндө борбордук базар жабылып, жергиликтүүлөр ушул жакка келишет. 8-майда өткөн базарда бир таңгак тоют чөптүн баасы 350-400, саман 250 сомдон түшкөн жок. Ошондой кымбат болсо да кардардар арбын. Бул элдин үйдө эт багытындагы малды көп багып жатканынан кабар берет», — деди жергиликтүү тургундардын бири.

Ал эми Беловодск айылынын 63 жаштагы тургуну Нуркамил Сабиров: «Өткөн 2021-жылдан калган тоюттун баасы күнү бүгүн да кыш мезгилиндегидей 350-400 сом. Айрымдар буга таң да калышууда. Мына, базарда беде, талаа чөбү, арпа, буудай саманы сатылууда. Баасы кыштагыдай. Эмне үчүн? Себеби, эт багытында колдо (үйдө) кармалган малга өткөн жылдагы таза кургатылган тоют бергенде сиңимдүү болуп, мал тез семирип, эттүүлүгү жогору болот. Ал эми көк чөп ичин өткөрөт жана арыктатат. Ошол себептен улам тоюттун баасы жогору боюнча сактылып турат», — деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE