Пример HTML-страницы

Эки кылмышка шектелип, Түп райондук токойчулугунун кызматкери кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көлдө мыйзамсыз балык уулоо жана бак-дарактарды кыюуга шектелип Түп райондук токойчулугунун кызматкери кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 6-февралында Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери тарабынан рейддик иш-чара өткөрүлгөн. Анын алкагында Түп районунун Кудургу айылынын көл жээгинен мыйзамсыз балык уулап жаткан жеринен эки жергиликтүү тургун кармалды. Алар Кудургу айылынын тургундары — 33 жаштагы А.А. жана 36 жаштагы Б.Ж. болуп чыкты.

Кармалгандардан далил зат катары бир моторлуу сууда жүрүүчү кайык, узундугу 750 метрди түзгөн 15 даана синтетикалык балык уулоочу тор жана 2 балык табылган.

Бул факт Түп РИИБи тарабынан катталды. Алар тергөө кызматына жеткирилип, көрсөтмө бергенден кийин эч жакка чыкпоо тил каты алынган.

Эртеси, 7-февраль күнү туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери тарабынан бак-дарактарды мыйзамсыз кыюу жөнүндө келип түшкөн маалыматты текшерүү учурунда Кудургу айылынын жанындагы №5 участокто 37 түп ак кайың мыйзамсыз кыйылгандыгы аныкталган. Милиция кызматкерлери тарабынан бак-дарактарды мыйзамсыз кыюуга бир күн мурун мыйзамсыз балык уулап кармалган Кудургу айылынын 33 жаштагы тургуну А.А. тиешеси бар экендиги аныкталган. Андан кийинки текшерүүнүн жүрүшүндө кармалган жаран Кудургу аймагы боюнча Түп райондук токойчулугунун кызматкери экени аныкталды.

Бул факт да Түп РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналында катталды. Эки факт боюнча райондук милициянын тергөө кызматы тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо үчүн материалдар тиешелүү мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилди жана алардын жыйынтыгы боюнча республиканын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE