Пример HTML-страницы

Чыңгыз Айтматов менен сүрөткө түшкөн 5 президент (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 10-июнда жазуучу Чыңгыз Айтматовдун каза болгон күнүнө карата эскерүү иш-чаралары уюштурулду.

Жазуучу 1928-жылы 12-декабрда Кара-Буура районундагы Шекер айылында төрөлгөн. Атасы Төрөкул Айтматов 1937-жылы репрессияланып, 1938-жылы атылып кеткен. Ч.Айтматов кесиби боюнча зоотехник болгон.

Жазуучу өмүр жолунда гезитте кабарчы, журналдарда редактор болуп иштеди. 1990-жылдардан тарта СССРдин жана Кыргызстандын дипломатиялык миссияларын аткарып келген. Жазуучу 2008-жылы 10-июнда көз жумган.

  • Өкмөттүн чечими менен 12-декабрь Кыргызстанда Улуттук адабият күнү катары белгиленип келет.

Дүйнөгө таанылган Шекер айылы:

Жазуучу төрөлгөн Шекер айылы шекер уруусундагылар көп жашагандыктан элет ошондой аталып калган. Аймактык кабарчы элеттин аталышынын чоо-жайын такташтырган.

Айыл аксакалдарынын айтымында, айылдын Шекер деп аталышын айылдын үстү жагындагы таттуу булакка да байланыштыргандар бар.

  • Айылда 5700 адам жашайт. Шекерде Күркүрөө маданий үйү, ФАП, сейил бак, стадион жана башка социалдык объекттер бар. Жер аянты көп болгондуктан ар бир жаранга 50 сотых сугат, 50 сотых кайрак жер үлүшкө бөлүнгөн. Айыл аймакта 2 мектеп, 3 бала бакча билим берет. Айылдын түштүгүндө Көк-Сай айылы, түндүгүндө А.Аманбаев айылы жайгашкан. Батышынан Казакстан менен чектешет.

Шекер айылынан таланттуу бир нече инсандар чыккан. Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бала чагы дал ушул айылда өткөн жана чыгармаларынын айрымдарында айылда жашап өткөндөрдүн жашоосу чагылдырылган. Мындан тышкары котормочу, киносценарист Ашым Жакыпбеков, актёр, театралдык режиссёр Капар Медетбеков жана башка белгилүү адамдар чыккан.

Айылдын түштүгүндө Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы каармандардын элестери чегилген таштар жайгашкан ачык асман музейи бар. Айылдын түндүгүндө «Гүлсарат» чыгармасындагы башкы каарман Танабайдын ысымындагы алма бак орун алган. Айылдан Күркүрөө суусу агып өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE