Пример HTML-страницы

Чүйдөгү кудукта койдун өлүгү жатканы боюнча айыл өкмөт башчысы түшүндүрмө берди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 13-сентябрь күнү Turmush сайтына чыккан «Чүйдөгү тургун эл ичип жаткан сууда өлүк жаткандыгын видеого тартып, интернетке жарыялады» деген маалымат боюнча Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Арзымат Мейманов түшүндүрмө берди.

Бер-Булак айылынын тургуну А.Коконоковдун айтымында, 2022-жылдын 10-сентябрында саат 17:30 чамасында койлордун бири ачылган кудукка түшүп, аны 20 мүнөттөн кийин өз алдынча алып чыккан.

2-сентябрдан тарта Бер-Булак айылынын Малиновое капчыгайындагы суу түтүк системаларында оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат. Аталган кудуктун капкагын оңдоо иштерин жүргүзгөн кызматкерлер ачкан эмес. Кудуктун капкагы белгисиз адамдар тарабынан бейбаштык максатта ачылган.

Айыл өкмөтүнүн турак жай коммуналдык мекемеси менен кудуктагы суу тазаланып, дезинфекция иштери жүргүзүлдү. Ремонт иштери бүткөндөн кийин суу толтурулуп, калкка таза суу берилет.

Буга чейин Turmush басылмасына Таш-Дөбө айылынын тургундары ичкен таза суунун кудугунда койдун өлүгү жаткандыгы кабарланган.

«Бул кудуктагы суудан эл ичет. Ичинде койдун өлүгү жатат. Жасалып жаткан иш толугу менен бүтпөй, үстүндөгү капкагын жабышбаптыр. Сыртка аккан сууну жылкылар ичишүүдө. Ушул сууну ичкен айылдагы эл кантип ооруга чалдыкпай койсун?» — деген жергиликтүү тургун.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE