Пример HTML-страницы

Боом капчыгайында өрттөнгөн жерлердин бийиктиктен көрүнүшү. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushБоом капчыгайында чыккан өрттүн кесепетинен 50 гектар аянттагы куураган чөп жана бадалдар күйгөн. Өрт эки айыл чарба курулушун жана бир турак жайдын бир бөлүгүн каптаган.

Өрт 2023-жылдын 24-мартында капчыгайдын ар кайсы жерлеринде башталган. Өрттү өчүрүүгө 150гө жакын адам — өрт өчүрүүчүлөр, Тоң райондук милиция кызматкерлери, токой чарба кызматкерлери, аскер кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар тартылган. Атайын техникалар да болгон.

Өрт Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Көк-Мойнок жана Көк-Мойнок-2 айылдарынын ортосундагы аймактарды каптаган. Өрт Чүй облусунун Кемин районунда да катталганы маалым болгон.

Поезд өткөндөн кийин чыңалуудан өрт чыгышы мүмкүн деген маалымат пайда болду.

Өз кезегинде «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын филиалынын жетекчисинин локомотив чарбасы боюнча орун басары Чыңгыз Кадыралиев өрт поезд өтүп кеткенден кийин чыккан деген маалыматка жооп берди.

Анын айтымында, тепловоздор учкун өчүргүчтөр менен жабдылган. Бул аппарат өрттүн алдын алат. Поездди жөнөтүүнүн алдында адистер учкун өчүргүчтүн ишке жарамдуулугун текшеришет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE