Пример HTML-страницы

Боо-Терек айыл аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushБакай-Ата районунун Боо-Терек айыл аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 17-февралда саат 15:00 чамасында Боо-Терек айылындагы жааган кар ээрип, арыктардан суулар ашып, 17 турак үйдүн короолорун каптаган.

Ошондой эле Шадыкан айыл аймагынын Ынтымак айылынын тоо этегинде ээриген кар 3 турак үйдүн короосун каптаган.

Суу каптоо коркунучу сакталып тургандыгына байланыштуу Боо-Терек айыл аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Тазалоо иштерине жарандык коргоонуу кызматтарынын жана айыл өкмөттөрүнүн инженердик техникалары тартылып, ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында агынды суулар коопсуз жайларга өткөрүлүп, короолорду каптаган суулар сордурулду.

Тараз—Талас—Суусамыр унаа жолунун жээгин бекемдөө иштери жүргүзүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE