Пример HTML-страницы

Бишкектен Нарынга барган дарыгер оорукананын аймагынан кармалды (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын шаарында Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борборунун дарыгери бейтаптан 14 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 3-февралында Нарын районунун 1968-жылы туулган тургуну Ж.О. Нарын ШИИБге кайрылган. Анда аны Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын Д. аттуу дарыгери Бишкек шаарына республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борборуна жөнөткөнү айтылган. Ал жактан борбордо иштеген Ж. аттуу аял анын 2004-жылы туулган кызы К.А.ны эч кандай психикалык оорусу жок болсо дагы 2-топтогу майып деп жалган тактама берип, 14 миң сом мыйзамсыз талап кылып жатканын айткан. Бул факты Нарын ШИИБи тарабынан каттого алынып, анда Кылмыш жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүмү (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иш козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө арыз ээси О.Ж. 2022-жылдын 16-май күнү Бишкек шаарынан келген КРнын социалдык өнүгүү министрлигине караштуу Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борборунун кызматкерине 14 миң сом берип жатканда Нарын ШИИБдин кызматкерлери тарабынан кармалган. Бул окуя Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын короосунда болгон. Кызматкерди тинтүү учурунда ал өзү көтөрүп жүргөн баштыктан 14 миң сом акча чыгып, өз ыктыяры менен милицияга өз ыктыяры менен өткөрүп берген.

Дарыгер Ат-Башы районунда 1977-жылы туулган А.К. экени аныкталган. Ага айыбы угузулуп, 2022-жылдын 17-майында Нарын ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Андан кийин эч жакка чыгып кетпөө тил катын тандоо түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалган.

Жабырлануучунун 2004-жылы туулган кызы К.А.нын оң кулагынын угуусу тубаса начар болуп, анын алган жаракаты аракетке жөндөмсүздүккө алып келгендигин же алып келбегендигин тактоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, мындан сырткары анын акыл-ээсин текшерүү максатында тиешелүү экспертизалар дайындалып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE