Пример HTML-страницы

Бишкекте жоголгон өспүрүм кыз Баткен шаарынан табылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБишкек шаарында жоголгон кыз Баткен шаарынан табылды.

Буга чейин Бишкек шаарынын Ленин РИИБи 2024-жылдын 22-мартында 16 жаштагы А.С. аттуу кыздын дайынсыз болуп жаткандыгына байланыштуу багыттама берип, издөө иштери жүрүп жаткандыгы маалым болгон.

Баткен ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн өспүрүм 25-март күнү табылып, Ленин РИИБне кабарлама берилди.

Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE