Пример HTML-страницы

Базар-коргондук тургун 350 миң сомдун айынан кызы жери менен үйүнөн кол жууганын айтып берди. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарынын 68 жаштагы тургуну Хайтхон Мирзарахимова жерин, үйүн тарттырып жибергенин айтып, жардам сурады. Ал 22-февралда АКИпресс-Жалал-Абаддагы маалымат жыйында окуянын чоо-жайын айтып берди.

Анын айтымында, кызы Нодира Мирхарахимова шериги экөө 2014-жылы Райгүл аттуу аялдан 350 миң сом акча алышкан.

«Кызым 150 миң сом, шериги 200 миң сом алган менен кызым шеригинин ордуна кол кое салып, мунун мойнунда болуп калды. 350 миң сомго айына 52 миң сомдон 2 жыл үстөк акысын төлөдү. Эгер үстөк пайыз төлөбөй калган болсо, ошол үстөк пайыздын дагы үстүнө акча кошо берчү. Айына 52 миң сомдон төлөгөнү боюнча бир да жолу тил кат берген эмес. Райгүл эч кандай күрөөкана иштетпей эле элге үстөк акча берген үчүн базар аралап келип калганда эч кандай кол коюу, тил каты жок эле кызым да айткан үстөк акчасын берип жүрө берген. 2016-жылы базардан өрт чыгып, кызымдын иши токтоп калды. Айына берилчү акчаны бере албай калдык, кызым иштеп келүү үчүн Түркияга кетти. Карызга алынган 350 миң сомдун үстөк пайызына дагы 350 миң сом кошулуп, 750 миң сом карызды өндүрүү боюнча Райгүл 2020-жылы Базар-Коргон райондук сотуна кайрылган.

Базар-Коргон райондук соту акчаны өндүрүп алууда кызымдын атындагы жер участогун 200 миң сомго бааланып, участокту буруу менен өндүрүү чечимин чыгарып коюптур. Жер участок Базар-Коргон шаарынын борборунда экени эске алынбай, өтө арзан баалап коюшкан. Экинчиден ал тилкеде 3 бөлмөлүү үй бар экенин соттогулар тактаган эмес. Ошону менен жер да, үй да өтүп кетип жатат. Соттор жарандык иш боюнча карап жатышканда ошол сотко чейин биздин эптеп 480 миң сом акча төккөнүбүзду эске албай, жазууга да кошушкан эмес.

Биз 2022-жылдын март айына чейин сотто айтылган 750 миң сомду бөлүп төлөп бердик. Ага карабастан жерибиз, үйүбүз аталган аялда турат. 750 миң сом үчүн 3 бөлмөлүү үйдү, жерди өткөрүп бергендерди кантип акыйкат чечим чыгарды деп айтабыз? Сотторго таптакыр ишеним калган жок. Ошол үйүбүздө 1 жылдан бери «квартиранттар» жашап жатат. Алардан айына ижара акы алынууда. Бизге «Каалаган жериңерге барып арыздангыла» дейт. Арга кеткенде бийликтен, Камчыбек Ташиевден жардам сурап чыктык. Акыйкаттуулукка жеткирип беришин өтүнөбүз», — деди ал.

Ысымы аталган айымдан Одина Шаробидинова аттуу аял да жабыркаганын кошумчалады.

«2021-жылы май айында 60 миң сом акча алганбыз, 2022-жылдын январь айына чейин 12 миң сомдон үстөк акы төлөп турдук. Ошол айда жүрөгүмө операция жасалып калып, 3-4 ай төлөмүн да төлөбөй калдык. Анан мен 40 миң сом, кызым 12 миң сом кылып 52 миң сом бергенбиз. 8 миң сому калган болчу. Негедир ал аял 200 миң сом бере турганыбызды айтты. Биз түшүнбөй калдык. Базарда соода-сатык кылуу мүмкүн болбой калды», — деди ал.

Бийликке кайрылгандар аталган аялдын элге үстөк пайызга акча берип, каалагандай үстөк пайыз кошуп карызга батыруусу канчалык мыйзамдуу экендигин да карап берүүнү суранышты. Алардын айтымында, ысымы аталган айым туруктуу күрөөкана иштетпейт.

Ал эми ысымы аталган Райгүл Топчубаева ага карата айтылган сөздөрдү негизсиз деп, баары мыйзам чегинде болгонун белгиледи.

«Аталган аялдардын биринин кызы 2014-жылы менден карызга 350 миң сом акча алган. Бирок ал ошол учурда карызын төлөбөй качып кеткен. Мен ошол учурда алынган карызды пайызы менен төлөйм деген тил катын жаздырып алгам. Карыз пайызы менен 750 миң сомго жетти. Мындан улам сотко кайрылып, үйүнүн жерин өткөрүп алууга мажбур болдум. Мен эч кимди коркуткан эмесмин. Күрөөкана да иштетпейм, бардык процедуралар мыйзам чегинде болду», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE