Пример HTML-страницы

Баткенде жыл башынан бери 6 жаран сууга чөгүп каза тапты

Акыркы жанылыктар

TurmushЖыл башынан бери Баткен облусунун аймагында 6 жаран сууга чөгүп каза тапты.

Акыркы 10 күн аралыгында катталган 3 учур Кадамжай районунун аймагында болду. Тактап айтканда, 27-июнь күнү Пүлгөн айылында коюн чыгаруу аракетинде болгон 27 жаштагы жигит каналга түшүп, агып кеткен.

Ушул эле күнү саат 22:25 чамасында Кадамжай шаарындагы Ак-Суу дарыясына 8 жаштагы бала түшүп кетип, куткаруучулар тарабынан эртеси саат 08:30да жансыз денеси табылган.

Ал эми 28-июнь күнү Жийделик эс алуу жайындагы көлмөгө түшкөн 18 жаштагы эркек бала тиешелүү жардам көрсөтүлгөндүгүнө карабастан каза тапкан.

Сууга чөгүп каза болгондордун үчөө тең суу коопсуздук эрежелерине маани берген эмес жана этиятсыздыктан улам кырсыкка дуушар болгон.

ӨКМ тургундарды жана конокторду сууга түшүүдѳ коопсуздук эрежелерин сактоого, балдарды кароосуз калтырбоого чакырат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE