Пример HTML-страницы

Баткенде хандын жери деп аталган айылда 1000 жылды карыткан терек өсөт

Акыркы жанылыктар

TurmushЛейлек районунун Баул айылы бир кезде хандын жери деп аталган. Аймактык кабарчы элеттин таржымалын сураштырды.

Жергиликтүү тургундардын бири Айзада Жалилованын айтымында, мурду бул аймактан кичинекей балдар ойноп жүрүп түрдүү мончокторду табышканы айтылат.

«Улуу муундагылардын айтымында, Жар деген жерде кыздар гүл терип, куурчак жасап кырларга, дөңгө чыгып ойношчу экен. Бир дөңдүн үстүндө кичине булак чыгып, аны кыздар чыбык менен кумдарын айлантып ойносо ичинен мончоктор чыкчу эле дейт. Кийин атайын Жарга бардым. Бирок кайсы жерде экенин таппадым. Жаңгакты дарыясы күпүлдөп агып жатат. Сонун кооз жер экен. Мүмкүн хандар, байлар жашап, казынасы ошол дөңдүн астына бекиткендир.

Өзүмдүн чоң аталарымдан Бакыткелди дегени чоң табып болгон экен. Чоң атабыз түндө жардамчысы менен дары чөптөрдү терип келчү экен. Чөптөр түндө ар кандай жарык чыгарып, кайсы чөп кайсы ооруга дары экенин ошол чачкан жарыгына карап, терип келчү дешет. Үйү кырда болуп, эшигинин алдында жапайы розалар гүлдөп турчу. Ар кайсы жактан бейтаптар келип, шыпаа таап, пес ооруларды өзүнчө тосулган үйгө бөлүп дарылап, 40 күн дегенде таптаза болуп айыгып кетчү дешет. Өзү жазган арабча китептери болуп, бирок молдолорду кулакка тартып жаткан кезде, ушул Жардагы бир үңкүргө бекитип таштаптыр. Аны азыр кичине чоң атабыздын экинчи аялынын балдары таап алышкан экен. Китептер ным тарта баштаган экен. Бирок эч кимге көрсөтүшпөйт, бербейт. Себеби чоң атабыз экинчи аялы менен ошол Жарда жашап, чоң атасынын кайсы жерге бекиткенин билип, балдарына айтып кетсе керек», — деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле айыл жөнүндө эл арасында айтылып жүргөн уламышты айтып берди. Баулда көп уруулар жашайт. Бирок жалпысынан каңды уруусу деп аталат. Көкчабы, гулжумур, итфак, чапан, осмон, чом деген уруулар жашайт.

«Баулда бир кезде хандык орноп турган кезде башка жердин хандыгы «бизге баш ийсин» деп элчи жиберет. Бирок Баулдун ханы аларды кабыл албай кайра кайтарып жиберет. Элчи жиберген хандын жини келип, курал жыйнап, кол топтоп, Баулга кирет. Жоокерлер бастырып кирип келгенде качкан элдин арасында боюнда бар бир келин төрөп, баласын жолго таштап качып кетет. Баланы кууп бара жаткан жоокерлердин бири таап алып, аны бирге келген хандын аялына алып барып берет. Хандын аялы ал баланы багып алат. Ал баланы жакшы тарбиялап чоңойтот. Баланын атын Бабур коюуп, кийин эр жеткенде Баулга хан көтөрүп коюшат. Баулду башкарып калат. Бабур хандын жери деп жүрүп кийин Баул аталып калган экен.

Дагы бир маалымат боюнча Бабур хандын аркасынан куугун келе жатканда таянган таягын жерге сайып коюп качкан экен. Андан азыр чоң терек көктөп өсүп калганын айтышат. Ал теректин жашы 1000-1100 жылга жакындап, жоондугу 4 метр 60 см түзөт. Ага 6 адамдын кучагы араң жетет», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE