Пример HTML-страницы

Баткенде өрүк менен  кокон гилас бышты. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткенде өрүк менен кокон гилас бышты. Облуста климаты эң жылуу келген Кадамжайдын Кайтпас айылында өрүктүн эрте бышчу «майский» сорту бышып, сатыкка чыгууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Учурда дыйкандар өрүк менен кокон гиласты дүңүнөн жеринен сатышууда. Өрүктүн килограммы абалына жараша 50 сомдон 100 сомго чейин бааланса, кокон гилас 200 сомдон 300 сомго чейин сатылууда.

Өрүктүн эрте бышчу сорту кургатууга болбойт. Жыл сайын өрүктүн мындай түрү Казакстан, Россия, Америкага чейин экспорттолот.

Кокон гилас — дыйкандар үчүн кирешелүү булак. Облуста жалпы 1500 гектардан ашуун жерде алча менен кокон гилас өсөт.

Ошондой эле 7000 гектар аянтта өрүк дарактары бар. Андан жылына 60 миң тоннадай түшүм алынат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE