Пример HTML-страницы

Баткен шаарында 5 көчөнүн аты өзгөртүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен шаарында 5 көчөнүн аталышы өзгөртүлдү. Бул тууралуу мэрия кабарлады.

Маалыматка караганда, мындай чечимди шаардык кеңештин VII чакырылышынын депутаттары 2023-жылдын 7-декабрындагы сессиясында кабыл алышкан.

Төмөнкү көчөлөрдүн аталыштарын өзгөртүүгө макулдук берилди:

— Баткен шаарынын Базар-Башы аймактык башкармалыгынын Бийиктик көчөсүнүн аталышын Баатырбеков Манас деп өзгөртүүгө;

— Баткен шаарынын Келечек аймактык башкармалыгынын Тамаша-Жай-1 көчөсүнүн аталышын Мусаев Улан деп өзгөртүүгө;

— Баткен шаарынын Келечек аймактык башкармалыгынын Н.Байсалов көчөсүнүн аталышын Тажибаев Мөөланбек деп өзгөртүүгө;

— Баткен шаарынын Базар-Башы аймактык башкармалыгынын Келечек көчөсүнүн аталышын Ташбеков Ачылбек деп өзгөртүүгө;

— Баткен шаарынын Базар-Башы аймактык башкармалыгынын Токтогул-Олуя конушунун №3 көчөсүн Мухамадиев Аскарали деп атоого.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE