Пример HTML-страницы

Балыкчыда 13 жаштагы баланы ит тиштеп, ооруканага түшкөн. Милиция билдирүү таратты

TurmushБалыкчы шаарында 13 жаштагы баланы ит тиштеп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бул тууралуу милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-март күнү болжол менен саат 21:45 чамасында Балыкчы шаардык ички иштер нөөмөт бөлүмүнө шаардык ооруканасынан 2010-жылы туулган баланы ит каап алгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Жерине тергөө-ыкчам тобу чыгып, буларды аныкташкан. Аталган өспүрүм бала көчөдө кетип бара жатканда бир нече ит каап, бири бутун тиштеп алган. Ал ит Балыкчы шаарынын 1963-жылы туулган тургунуна таандык болгон. Анын айтымында, ити уулуп жаткандыктан, аны сыртка кое берип койгон. Ал баланын энесинен кечирим сурап, өкүнгөндүгүн билдирген. Ал эми жабырлануучунун ата-энеси арыз жазуудан баш тартышкан.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Буга чейин Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында итке таланып, ыйлаган баланын видеосу социалдык тармактарга тараган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE