Пример HTML-страницы

Бакай-Ата районунда гүл фестивалы өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 10-августта Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылында Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгына жана Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата «Гүлдөгөн Талас» аттуу гүл өстүрүүчүлөрдүн фестивалы өткөрүлдү. Бул тууралуу Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясы билдирди.

Фестивалга гүл өстүргөн ишкер аялдар, мектепке чейинки жана орто билим берүү мекемелеринин мугалимдери жана тарбиячылары катышты.

Гүл өстүргөн ишкер аялдар өстүргөн гүлдөрүн алып келишсе, бала бакча менен мектеп жамааты ар кандай материалдардан — кездеме, кагаз, пластик жана мөмө-жемиштер жасалган гүлдөрдү алып келишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE