Пример HTML-страницы

Ат-Башынын Калинин айылында 30 млн сомго бала бакча курулду. Бирок кезекке турган балдардын саны азая элек

Акыркы жанылыктар

TurmushАт-Башы районунун Калинин айылында быйыл 30 млн сомго бала бакча курулуп, пайдаланууга берилди. Бирок бала бакчага кезекте турган балдардын саны дагы деле азайган жок.

«Кенбил» балдар бакчасынын жетекчиси Кундуз Нарынбекованын айтымында, эски бала бакча 2009-жылдан бери иштеп келе жаткан.

«2016-жылдан бери бала бакчада жетекчи болуп иштеп келе жатам. Башында 2 тайпа бар болчу. Бала көп болгондугуна байланыштуу эски фаптынын имараты бизге берилген. Ошентип азыр 4 тайпа менен иштейбиз.

Кийин долбоор жазылып, 30 млн сомго заманбап бала бакча курулду. Бакчанын ичи ата-энелердин, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен толтурулду.

Азыр 4 тарбиячы, 120 бала тарбияланып жатат. Учурда 25 бала резервде турат. Балдарга 3 маал тамак берилет. Айыл өкмөттөн ар бир балага 18 сомдон бөлүнөт, ата-энелердин взносу 500 сом. Андан сырткары демөөрчүлөр дагы колдорунан келген жардамдарын берип келе жатышат», — деди Кундуз Нарынбекова.

Ат-Башы району боюнча жалпы 970 бөбөк бала бакча­га кезекте турат. Калкынын саны — 56 018 адам.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE