Пример HTML-страницы

Ат-Башыдагы Күмөндөр Тыналиев атындагы бала бакчага убактылуу ашкана курулду

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ат-Башы районундагы Күмөндөр Тыналиев атындагы балдар бакчасынын ашканасы жарактан чыгып, кир жуучу жайга айланды.

Бала бакчанын жетекчиси Осипа Асанбекова бала бакчанын бүтпөй турган ашканасын демөөрчүлөрдүн жардамы менен толук бүтүргөнүн айтты. Курулуш иштерине жалпы 450 миң сом жумшалган.

2019-жылы эмеректер, ашканага жабдыктары грант менен келген.

«Ашкана жабдыктары коюла турчу орун жок, башка жерде болчу. Ушул жылы июль айынан бери ушул ашкананы бүткөрүү менен алектендик. Эшигинин алдына таманташ төшөп, электр тогун киргиздик. Жумушчулардын жардамы менен ушундай жетишкендиктерге жетиштик.

Эски ашкана тар болчу, азыр ал жак кир жуучу жай болду. Бул жакка бала бакча бүткүчө убактылуу киргиздик», — деди ал.

Ашкана контейнерден жасалган. Ал эми учурда бала бакчанын жаңы имаратынын курулушу жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE