Пример HTML-страницы

Ат-Башыда Сибирь жарасынын козгогучу табылды

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору Ат-Башы районунун Ак-Сай өрөөнүндөгү Коёнду-Колот жайлоосунда Сибирь жарасынын очогу бар жерден үлгү алып, жыйынтыгы оң болуп чыкканын аталган борбордун Ат-Башы району боюнча бөлүмүнүн башчысы, дарыгер-эпидемиолог Нургүл Каипова райондук штабда айтып чыкты.

Ал белгилегендей, коркунучу бар жер мал кире албагандай тосулушу керек.

«Ат-Башы районунда Сибирь жарасынын 6 очогу бар. Ошол жерлер жыл сайын жаз жана күз мезгилдеринде жугушсуздандырылып турат. Ошол очоктордун биринен үлгү алганда оң белги берди. 2020-жылы ал очок Ак-Моюн айыл өкмөтү тарабынан тосулган. Бирок дагы бийик кылып тосуу керек болуп жатат. Ал жер токой чарбага тиешелүү. Ошол жакта дагы деле малдар жүрөт», — деди Нургүл Каипова.

Бул боюнча район башчысы Эмилбек Абдыкадыров тезинен чара көрүү боюнча протокол жазды.

Ат-Башы райондук ветеринардык-фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы Үмөтаалы Саалаев бул 6-очок болуп каттоого алынган жер экенин, аталган бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан жугушсуздандыруу иштери жүрөрүн билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE