Пример HTML-страницы

Асан менен Үсөнгө турмушка чыккан Батмакан менен Зухрахан айым (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткендин Зарташ айылынын 55 жаштагы тургуну Зухрахан Ганыева эгизи Батмакан Ганыева экөө бир үй-бүлөгө келин болушкан. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы аны менен таанышты.

Анын айтымында, өзү Үсөнгө, түгөйү Батмакан Үсөндүн эгизи Асанга жубай болгон. Аларга келин болгон кезде да окшош кийим алып беришчү. Коңшулар, кайын журту жаш кезинде көпкө ажырата албай жүрүшкөн. Жада калса тойлорунда түгөйлөрү ажырата албай алмашып туруп алышкан учурлар болгон.

«Мен Өзбекстандан келин болуп келгем. Ата-энебиз ошол жактагы кыргыздардан болушат. Батмакан эгизим экөөбүз Асан менен Үсөнгө колукту болгонбуз.

Турмушта да бирге жүрүп кийин алар бизден бөлүнүп кетишти. 5-6 жыл чогуу жашадык. Экөөбүздү кошуналар, кайын журт дагы адаштыра беришчү. Анткени окшош болчубуз. Жолдошторубуз да эгиз окшош эле.

Бизди тааныштар таныштырып үйлөнгөндүктөн, ажырата алышпай тоюубузда алмашып туруп алган учур болгон. Айылда жүрсөм кошуналар, «дүкөнгө барсам азыр эле сага окшош келин» көрдүк дешчү. Акырындан баары үнүбүздө ажыратып калышты.

Азыр эми баарына белгилүү эле. Менин арыктыгымды, Батмакан толмоч экенин айтышат. Бири-бирибизден ажырагандан кийин бат-баттан жолукчубуз, сагынып калат элек. Жолдошторубуз билгизбейт, кантсе да эркек киши да. Мүмкүн алар да кыйналышкандыр. Азыр эми 55 жашка чыктык. Жолдошторубуз бизден 2 жашка улуу.

Биз жолдошум экөөбүз 4 кыз, 2 уулдуу болдук. Эгизим да бала-чакалуу болду. Бирок бизде же Батмаканда эгиз балдар төрөлбөдү. Эми буйруса неберелерде болор. Азыр бир баламды үйлүү кылсак деп турабыз», — делди Зухрахан айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE