Пример HTML-страницы

Америкадан келип, түптүк үй-бүлөгө кыз болгон Наонинин Ысык-Көлдөгү жашоосу

Акыркы жанылыктар

TurmushАмерикадан келген 25 жаштагы Наони Русман Нооруз майрамында кара жорго бийин бийледи. Чет элдик ыктыярчынын бул аракети айылда жашаган көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып, күйөрман болушту.

Ал Түп районунун Каркыра айыл аймагынын Корумду айылына ыктыярчы болуп келип, окуучуларга чет тилин үйрөтүп жатат.

«Мен 25 жаштамын, эки эжем жана эгизим бар. Бала кезимен эле жер кыдырууну кыялданчу элем. Кыска убакыттын ичинде Европанын бир нече өлкөсүндө болуп, андан кийин Япония, Кореяга барып келдим. Андан соң КМШ өлкөлөрүн кыдырууну көздөп, Тынчтык корпусунун сунушу менен Кыргызстанга келдим. Алгач 3 айдай тил үйрөнүп, 9 айдан бери кыргызча сүйлөп калдым. Учурда кыргыз элинин турмуш тиричилиги менен таанышып, маданият, каада-салт, үрп-адатынан кабар алып жатам», — деди ал.

Наони Русман Түп районуна келип жашоо, климаттык шартка көнүү адегенде кыйынчылык жаратканын кошумчалайт.

«Сентябрдан бери Кыргызстандагы ата-энемдин үйүндө жашап жатам. Дароо эле айылдын шартына көнүп кеткен жокмун. Анткени мен жашаган аймакта кышкысын 15 градус жылуу болот. Бул жакта суук, кар ээрип, тоң кеткенде баткакка тайыйт экенсиң. Ал эми тамак-ашка тез эле көнүп кеттим. Боорсок, ашлян-фу жана мантыны жактырам.

Кандай иш-чара болбосун бул жактагы үй-бүлөм мени жанына кошо ала жүрүшөт. Америкадагы майрамдар сыяктуу эле Нооруз майрамы белгиленди. Бул майрам боюнча маалыматым бар. Башкаларга салыштырмалуу кыргызстандыктар өзгөчө майрамдашат экен. Элден кем калбай, кара жорго бийин бийледим. Жергиликтүүлөрдөн алкыш сөз уктум. Кыргызстанга келгениме сыймыктанам, анткени башынан эле өтө жылуу кабыл алышты. Бийлегенден кийин күйөрмандар колдошту.

Ал эми мектепке барганда окуучулар менен пикир алмашып иштөө өтө жагат. Өзүм мугалим болбосом да, чет тилин үйрөтүүгө аракет кылам. Ал эми келечекте Америкага кайтып, дарыгерлик кесибим боюнча окуумду улантам деген максатым бар», — деди Гүлжамал Асанкадырова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE