Turmush — Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарынын тургуну Бермет Егимбаева окуусун артыкчылык менен аяктап, учурда Түндүк Кипрде билим алып жатат.
Каарманыбыз 2005-жылы Бишкек шаарында төрөлүп, Шопоков шаарындагы №1 мектеп-гимназиядан билим алган. Учурда Жакынкы чыгыш университетинде компьютердик инженер кесиби боюнча окуп жатат. Атасы — Саламат Дүйшекеев, апасы — Жамиля Егимбаева, сиӊдиси — Айлин Егимбаева.
«Түндүк Кипрдин шаарлары салттуу архитектура менен заманбап элементтердин уникалдуу айкалышы менен мүнөздөлөт. Мен жашаган шаар Никосия — Түндүк Кипрдин борбору. Чеп дубалдары, заманбап кафелери жана дүкөндөрү менен өзгөчөлөнөт экен.
Түндүк Кипр 1983-жылы көз карандысыздыгын жарыялаган, бирок Түркия тарабынан гана таанылган аймак дешти. Ошондуктан түрк маданиятынын таасири архитектурасында, ашканасында жана салтында абдан байкалып турду. Бул өлкө өзүнүн табигый кооздугу менен да белгилүү — бийик тоолор жана пляждары бар.
Кипрге учардан мурда анын тарыхы тууралуу маалымат алып, бир сыйра билип алдым. Мага Аббатство Беллапаис жакты. Бай тарыхы бар жерлерге, айрыкча 13-кылымда курулган монастырдын жанына барып, сүрөткө түшүү кызыктуу болду.
Мен билим алган университеттин билим берүү системасы биздикинен такыр башкача. Окутуу англис жана түрк тилдеринде гана жүргүзүлөт», — деди ал.
Каарманыбыз бош убактысында француз тилин үйрөнүп, китеп окуйт.
«Мен Францияга магистратурага тапшыруу үчүн француз тилин үйрөнүп жатам. Хоббим — музыка угуу. 4 аспапта ойнойм: фортепиано, скрипка, барабан жана гитара. Университетте музыкалык факультетибиз бар. Кээде сабактан кийин ал жакка барам», — деди ал.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.