Пример HTML-страницы

Аламүдүндө 29 жаштагы жаран алдамчылыкка шектелип кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushАламүдүн районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн РИИБге Э.Ч. аттуу жаран арыз менен кайрылып, А.А. аттуу жаран 1-сентябрда алдоо жолу менен «Мазда Демио» автоунаасын айдап, ошол бойдон изин жашырып кеткенин билдирип, ага чара көрүүнү суранган.

Аталган факт Аламүдүн РИИБ тарабынан КБРга Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

19-сентябрь күнү Аламүдүн РИИБдин кызматкерлеринин жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектелген жаран — 1993-жылы туулган А.А.нын жүргөн жери такталып, колго түшүрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE