Пример HTML-страницы

Алайдагы Терек айылынын борбордук бөлүгү таза суу менен камсыздалды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Алай районунун К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Терек айылына таза суу чыгарылды. Бул тууралуу айыл өкмөттүн башчысы Анарбек Кулов билдирди.

Анын айтымында, таза суу тартуу иши айыл өкмөтү жана жаштар тарабынан пландалып, 5 ай мурун башталган.

«Терек айылы 13 чакырымды түзөт. Учурда борбордук бөлүгү таза суу менен камсыз болду. Терек айылына суу алып келүүдө техника бара албаган Ак-Шагыл участкасынан эл айылга чейинки 4 км аралыкты кол менен казып келди. 4 км аралыктагы эң оор жерлерге жаштар суу түтүктөрүн алып берди. Ал эми айылдын ичиндеги 4,5 чакырымды инвесторлор каржылап беришти», — деди А.Кулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE