Пример HTML-страницы

Ак-Талаада «Мыкты боз үй жана улуттук тамак-аш» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунда 21-март — Нооруз майрамына карата «Мыкты боз үй жана улуттук тамак-аш» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 21-март күнү Баетов айылынын «Жеңиш» сейил багында «Арыба кыргызымдын нарктуулугу» аттуу маданий иш-чара белгиленди. Анын жүрүшүндө сынак үчүн 7 боз үй тигилип, жанына улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү коюлду.

Райондук билим берүү бөлүмү, Тоголок Молдо айыл өкмөтү, Кара-Бүргөн айыл өкмөтү, Баетов айыл өкмөтү, жалпы дарыгерлер практикалык борбору, социалдык фонд жана социалдык коргоо мекемеси жана Жылдыз Коконбаева тарабынан 7 боз үй тигилди.

Анда боз үйдүн жасалган материалдарына, ички жана тышкы жасалгалоосуна, ичине коюлган улуттук буюмдарына көңүл бурулуп, атайын Бишкек шаарынан келген адистер тарабынан баа берилди.

Натыйжада «Мыкты боз үй жана улуттук тамак-аш» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталып, акчалай сыйлыктар берилди.

— 1-орунду райондук билим берүү бөлүмү ээлеп, 50 миң сом менен сыйланды;

— 2-орунду жалпы дарыгерлер практикалык борбору багындырып, 25 миң сом менен сыйланды;

— 3-орунду Тоголок Молдо айыл аймагы камсыздап, 15 миң сом менен сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE