Пример HTML-страницы

Ак-суулук А.Кудайбергенова болочоктогу жолдошун университеттен жолуктурган

Акыркы жанылыктар

Turmush«Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ак-Суу районуна караштуу Боз-Булуң айылынын 33 жаштагы тургуну Алтынгүл Кудайбергенова. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

«Мен Жети-Өгүз районунун Кытай айылынан болом. Мектепти аяктаган соң, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин искусство факультетине бардым. Ал жактан мен тайпалашым — болочоктогу жолдошум менен жакындан таанышып калдым. Ортобузда жылуу сезимдер пайда болуп, акыры турмуш курууга алып келди. 3-курста Ак-Суу районунун Боз-Булуң айылына келин болуп бардым», — деди ал.

Алтынгүл Кудайбергенова учурда 4 баланы тарбиялап-өстүрүүдө.

«Турмуш куралы деп чоң жолго аттанып жатканда, бизде коркуу же ойлонуу да болгон эмес. Көп кыздарда «турмушка чыгып, окубай калсамчы» деген ойлор болот эмеспи. А мен окуп бүттүм. Бирок биринчи балабыз жарыкка келгенде, «кыйналасың, сырттан окуу бөлүмүнө которул» деп калышты. Биз ата-энебиз менен бирге турабыз. Апам (кайнене) баланы карап, мен окууга барып жаттым. Ошентип жолдошум Чыңгыз экөөбүз жетелешип жүрүп, окууну ийгиликтүү аяктадык», — деди ал.

Каарманыбыз декреттик өргүүдө өзү сүйгөн кесиби менен алек болгонун айтат.

«Мен кесибим боюнча модельер-дизайнермин. Үйдө балдарымды уктатып коюп, курак курап, ар кандай кийимдерди тигип жүрдүм. Жолдошум ишимди колдоп, «сен мыктысың» деп стимул берип турат. Айылдан буюртма алып, бош учурумда жууркан, төшөк тигип берчүмүн. Кичүү балам экиге чыкканда студент кезден достошкон курбум «чогуу иштейбиз» деп чакырып калды. Мен курбумдан көп нерсени үйрөндүм. Учурда өзүмдүн апам менен бирге иштеп жатам. Келечекте тигүү цехин ачуу планым бар», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE