Пример HTML-страницы

Ак-Суудагы тургун мугалим менен окуучулардын түнкү кылмышына күбө болду (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районунда дене тарбия мугалими жана жогорку класстын окуучулары катышкан мал уурулук фактысы катталган. Тергөө иштери аяктап, иш сотко өткөндүгүн Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалыматка караганда, алар 15 баш кой жана 3 500 килограмм буудай уурдашкан.

«Тергөө ишинин жүрүшүндө Отрадное айылынын 25 жаштагы тургуну Б.Б. өз кылмышын мойнуна алып, камакка алынган. Ага жаш өспүрүмдөрдү кылмышка тартуу беренеси каралды. Ал эми 5 окуучуга мал уурулук беренеси боюнча тергөө иши аяктап, иш сотко өттү. Кылмышка шектүүлөр жабырлануучу адамдарга келтирилген чыгымды толугу менен кайтарып беришти», — деди Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кытчысы Сталбек Усубакунов.

Жазык иш Ак-Суу районунун сотунун өндүрүшүнө 6-июлда келип түшкөн. Ишти караган судья 19-июлдан баштап эмгек өргүүсүнө болгондугуна байланыштуу сот 23-август күнү саат 15:00дө болору күтүлүүдө.

Буга чейин Turmush басылмасы Ысык-Көлдө жогорку класстын окуучуларын бир катар мал уурулукка тарткан дене тарбия мугалими кармалгандыгын жазган.

6-июнь күнү Ак-Суу РИИБге жергиликтүү тургун кайрылып, белгисиз адамдар малын уурдоого аракет көргөндүгү жөнүндө билдирген.

Арыз ээсинин айтымында, 6-июнга караган түнү саат 03:00 чамасында бөтөн бирөөлөрдүн үндөрүнөн улам, текшерүү үчүн үйдүн короосуна чыккан. Ошол мезгилде, анын сарайынан белгисиз адамдар бир кочкорду уурдап баратканын байкаган. Үй ээси үн чыгарып кыйкырганда, уурулар уурдап бара жаткан малды таштап, белгисиз тарапка изин жашырып кетишкен. Ал ошондой эле, бул биринчи окуя эмес экенин, буга чейин андан 4 баш кой уурдалганын кошумчалады.

Жабырлануучунун арызы Ак-Суу РИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеснинин 2-бөлүгүнүн 2 жана 3 пунктарынын («Алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан ири өлчөмдө жасалган уурулук») негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, Ак-Суу РИИБдин милициянын ыйгарым тилкелик өкүлдөрү жана кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан мал уурулукка тиешеси бар жарандардын өздүктөрү аныкталган. Алар Отрадное айылынын тургундары — 25 жаштагы Б.Б., 18 жаштагы Д.С., 17 жаштагы Д.Э., Н.Т., К.Р., И.А. жана К.Р. болуп чыгышты. Алгачкы жүргүзүлгөн суракта шектүү болуп кармалгандар, айылдаштарына тиешелүү болгон 15 баш кой жана 3500 килограмм буудайды, үстүбүздөгү жылдын январь айынан баштап июнь айына чейинки аралыкта уурдашканын толугу менен моюндарына алышкан.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, 25 жаштагы Б.Б. дене тарбия мугалими болуп иштеп, өзүнүн кылмыштуу максатын ишке ашыруу үчүн өзү иштеген мектептин жогорку класстарынын окуучуларын тартканы аныкталган. Кармалган жарандын айтымында, алар уурдалган малды Түп айылындагы досуна сатып жиберишкен.

Милиция кызматкерлери уурдалган малды сатып алган адамдын да өздүгүн аныкташкан. Ал, Түп айылынын 24 жаштагы тургуну К.С. болуп чыкты. Андан уурдалган 3 баш кой далил зат катары алынган. Калган 12 баш койду Каракол шаарындагы мал базардан сатып жибергени белгилүү болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE