Пример HTML-страницы

Ак-Сууда хирург М.Мамакеев тууралуу даректүү тасма тартылды

Акыркы жанылыктар

TurmushАк-Суу районунун кулуну — академик Мамбет Мамакеевдин 95 жылдыгына карата анын басып өткөн жолун чагылдырган даректүү тасма тартылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, даректүү тасманы тартуу идеясы — М.Мамакеев атындагы мектеп-гимназиясынын жамаатынан болгон.

«Фильмдин сценарийи драматург Кыял Асаналиеваныкы. Тасманын каармандары — мектеп мугалимдери жана окуучулар. Тарткан режиссер да биздин мектептин окуучусу. «Фильмди академик Мамбет Мамакеев көрүп, аябай сүйүндү» деп жакындары айтышты. Мектепте 95 жылдыгын белгилөөдө ден соолугуна байланыштуу келе алган жок. Анын атынан мектептин 5 мугалимине жана 20 окуучуга стипендия берилди. Алдына илимий конференция, тегерек стол жана класстарда ачык сааттарды өткөрөбүз», — деди мектеп директору Назира Осмонбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE