Пример HTML-страницы

Айылдарда мектептер, бала бакчалар, ФАПтар курулат

Акыркы жанылыктар

TurmushТажик тараптын куралдуу кол салуусунда талкаланган үйлөрдүн курулушу өз нугунда жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда акимчиликтен кабарлашты.

Маалыматка караганда, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кара-Бак, Кызыл-Бел айылдарына барып, социалдык объектилердин курулуштарын көрүп келди. Достук айылына 1 ФАП, 100 орундуу мектеп жана 30 орундуу бала бакча типтүү курулат. Ал эми Кызыл-Бел айлындагы Масалиев атындагы орто мектебине 150 орундуу, Кара-Бак айылындагы Б.Нарматов атындагы орто мектебине 100 орундуу кошумча окуу корпустары курулат.

Бул социалдык объектилер Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги тарабынан каржыланып курулат.

2022-жылдын 16-17-сентябрында Тажикстандын кол сауусунан улам каза болгондордун саны 63 адамга жетти. Алардын арасында жаш балдар да бар. Жабыркагандардын жалпы саны — 206 адам. Алардын бир тобу Бишкек, Ош шаарындагы ооруканаларга жеткирилген.

      • Каза болгон жарандардын алдын ала тизмеси бул шилтемеде.

14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында Тажикстан тараптан ок атылып баштаган. 17-сентябрга чейин абал чыңалган деп бааланды. Тажик тарап чек ара тилкелеринде ок атышууларды токтотуу тууралуу макулдашууларга карабай, ок атууну токтоткон эмес.

Баткен облусунда 136 миң 770 адам үйлөрүн таштап, коопсуз аймактарга эвакуация болууга мажбур болушту.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап оор техникаларды — танк, «БТР», «БМП» жана минометторду колдонгонун билдирген.

«Кыргызстандын аймагына болгон куралдуу кол салууга сакалчан, кайсы бир аскердик бөлүккө таандык белгиси жок, кара түстөгү аскердик кийим кийген, сыртынан эл аралык террористтик уюмдардын мүчөсүндөй (жалданма жан кечти) көрүнгөн эркек кишилер аралашты», — деп айтылган УКМКнын маалыматында.

Тажикстан Баткен облусуна гана эмес, Ош облусуна да кол салды. Абал 18-сентябрда гана турукташкан. Куралдуу кагылышуунун кесепетинен Баткен облусунун инфратүзүмү талкаланды.

  • Буга чейин президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбев үйлөрү жабыркагандар үчүн жайлар каралып жатканын айткан. Тажик тараптын кол салуусунан жалпы 640 үй жараксыз болгон. Анын ичинен 419 үйдү куруп берүү керек. Калгандарында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүшү зарыл.
  • Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жабыр тарткандар үчүн элден 312 миллион сом топтолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE